Азырынча аты белгисиз бул жигит ушинтип жаңы жыл менен депутаттарды, Ак үйдө иштеген чиновниктерди куттуктагысы келген. Бүгүн, 9-январда Facebook баракчасына жарыяланган бул видеотасмада ал жалпы кыргызстандыктарды жаңы жыл менен куттуктап, андан кийин даарат кагаздарын Ак үйдүн дарбазасынын ары жагына коюп койгон.
“Ушул имаратта иштегендер үчүн атайын менден белек. Чычкан жылыңыздар менен! Аркаңарды тазалап жүргүлө” – дейт ал. Жигит өзүн тааныштырган эмес. Видео 1-январда тартылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ