«Аттан түшсө дагы, ээрден түшкүсү келбей» жүргөн экс-президент Алмазбек Атамбаев 3-апрель күнү Чүй областындагы СДПКнын жыйынында мындай деди: «Азыр эле мага айтышты Асылбек Жээнбеков конфликттердин, интриганын айынан биздин партиядан чыгыптыр» деп. 17-мартта Мээрбек Мискенбаев айтты эле: «Бир тууган Жээнбековдорсуз Кыргызстан!» деп. Мына СДПК Жээнбековдорсуз СДПК болду. Баары чыксын, баары кетсин» деп адатынча күпүлдөп, ичтеги арманын төгүп жеңилдеп алды. Атамбаевдин Мискенбаевге күнү түшүп, Мээрбектин айткандарын мисал кылып сүйлөп калгандан кийин эмне деп айтаарыбызды билбей турабыз. Бир чети бооруң ооруп, аяп да кетет экенсиң…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ