Menu

“Катталарга” кабыргадан коюлган суроо: Бакыт Төрөбаев, Бакиевдер менен азыр да байланышыңыз барбы?

Бөлүшүү:

Атасынын байлыгы меңен бизнес баштап, бакиевдердин «батасы» менен таскагы таш жарып баштаган Бакыт Төрөбаев былтыркы шайлоодо ээнооздуктун айынан катуу «удар» жеп, «нокаут» кеткен. Бир жыл «дарыланып» жүрүп эми эсине келген окшойт, анча-мынча куңк-мыңк эткен сөздөрүн чыгара баштады. Өткөн аптада Дача-Суу маселесин көтөрүптүр, айыпкер качан табылат дегендей кылып. Жарыктык киши ошол окуя болгон учурда талкан сугунуп алгандай унчукпай отуруп, түштөн кийин ойгонгонуна түшүнбөй турабыз. Сизге ден соолук тилейбиз, жакшылап дарыланыңыз. Баса, экс-президенттин сөзү менен да дарыланып жүрдүңүз эле, дарыланып бүттүңүзбү? Эгер саламаттыгым жакшы, төгөрөгүм төп, куландан соомун десеңиз, төмөнкү суроолорго жооп берээрсиз…

—Бакыт Эргешович, Бакиевдер менен азыр да байланышыңыз барбы?Эгер жок болсо былтыркы президенттин шайлоо маалында эмне үчүн «канкордун» камчысын чапкан ИИМдин экс-орун басары Шеркозимжан Мирзакаримов менен сүйлөштүңүз? Президент Сооронбай Жээнбеков Оштон Бакиевдерди кубалаган бирден-бир инсан экенин баса белгилеген жайыңыз бар. Сиздин оюңузча Бакиевдердин кубаланышы туура эмес болгонбу?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: