Бишкектеги автобус, троллейбус жана жеңил машина кагылышуусунда жабыркагандардын абалына транспорттун жетекчилери жана вице-мэр көзөмөл кылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, жол кырсыгында жабыркагандардын абалына вице-мэр Азиз Алымкулов троллейбус, автобус башкармалыктын жетекчиликтери менен көзөмөл кылууда. Камсыздандыруу компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жабырлануучулар бардык документтерин көргөзгөндөн кийин, камсыздандыруу уюму компенсацияларды төлөп берет. Бул маселе боюнча мэрия кечээ, 15-декабрда транспорттун жетекчилиги менен ыкчам жыйын өткөргөн.
Эске сала кетсек, 14-декабрда Бишкектеги Гагарин жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус, автобус жана эки жеңил машина сүзүшүп, 10 киши жабыркаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ