Menu

Финполициянын мурдагы төрагасы катышкан чуулуу окуя. Сот күнөлүүлөрдү таап, аларга айып салды

Бөлүшүү:

Финансы полициясынын экс-төрагасы Акимжан Муйбиллаевден “18 жаштагы кызды зордуктаган деп” ири өлчөмдөгү акча талап кылган кыз менен эркек кишиге 260 000 сом жана 300 000 сом айып салынды. Мындай чечимди Бишкектеги Свердлов райондук соту кабыл алды.

Соттун чечиминде айтылгандай, жабырлануучу катары А.М. өтүп жатат. Ал 2000-жылы Финансы полициясынын төрагасы болгон.

А.М. инициалдары менен Акимжан Муйбиллаев өтүп жатат. Ал Финполициясын 2007-жылдан бери башкарып келген. 2010-жылы апрель окуяларынан кийин кызмат ордунан алынып, издөөгө жарыяланган.

Тергөөнүн версиясы боюнча окуя кандай болгон?

Т.К. аттуу жаран В.А. сүйлөшүп алып, Акимжан Муйбиллаевден 500 миң доллар опузалашкан. Эгерде акчаны бербесе, төрага менен В.А.нын ортосундагы интимдик мамиле тартылган видеону жайылтаарын айтышкан.

Соттун материалдарына ылайык, Акимжан менен В.А. 2019-жылдын 3-майында Жал кичирайонундагы “Богиня” аттуу мейманканасынан жолугушкан. Алардын ортосунда экөөнүн тең макулдугу менен жыныстык катнаш болгон.

Бир нече убакыттан кийин  Т.К. Акимжанды жолугушууга чакырган. Алар бири-бирин 2003-жылдан бери тааныйт. Акимжан ИИМдин  Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгында ыкчам кызматкер болуп эмгектенип жүргөндө, Т.К. штаттан сырткары кызматкер болчу. Акимжан Финполициянын төрагасы болгондо, ал Т.К.ны ошол жакка жумушка орноштурган. Т.К. үйлөнгөндө, Акимжан анын өкүл атасы болуп шайланган.

Бул жолугушууда өкүл баласы Акимжан менен В.А.нын ортосундагы жыныстык катнаш учурунда тартылган видеону көрсөткөн. Ал Акимжанды коркутуп-үркүтүп, видеону интернетке жайылта турганын айткан. Ошондой эле ал В.А өспүрүм кыз деп, зордуктоо боюнча милицияга арыз жазганын айткан.

Акимжандын айтымында, анын өкүл баласы бул маселени бүтүрүш үчүн 500 миң доллар талап кылган.

Мындан сырткары, Т.К. алдамчылыкка шектелип жатат. Ал 2012-жылы Тажикстанга бензинди жеркирүүнү уюштуруу үчүн Акимжандын кайын энесинен 30 миң доллар алган. Бирок иш жүрбөй, 2017-жылы алган карызынын 3 миң долларын гана берген. Калган акчаны берүү үчүн тил кат жазып берген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин берген эмес.

Жабырлануучу Акимжан Муйбиллаев эмне дейт?

Акимжан Муйбиллаев милиция арыз менен кайрылып, өкүл баласына карата чара көрүүнү суранган.

Муну менен катар Акимжан В.А. менен 2019-жылдын апрель айында “Браво” бильярд клубунда таанышканын айткан. Кыз өзү жолугушууну сунуштаганын да кошумчалаган.

Ал В.А. менен жыныстык катнаш болгонун танбайт. Бирок, ал эки тараптын тең макулдугу менен болгонун, муну мейманкананын администраторлору тастыктай ала турганын айткан.

Видеону Акимжандын аялы көргөндө, анын үй-бүлөсүндө көйгөйлөр жаралган.

Ал Т.К.га эч нерсе карыз эместигин жана эч кандай жер тилкеси тууралуу билбей турганын билдирген.

Ал эми Т.К. эмне дейт?

Соттук отурумда айыпталуучу Т.К. өзүнүн версиясын айтып берди. Ал В.А. менен эч нерсени пландаган эместигин, бирок, Акимжанга чындыгында эле дооматы бар болгонун билдирген.

Ал Акимжан менен 2000-жылдан бери иштешип келгенин, аны жакшы тааный турганын айткан. Бир гана жумуш боюнча эмес, аны менен катар үй-бүлөсүндөгү, бизнесиндеги жана башка маселелерде жардам  берип келген.

Буга ыраазычылык катары Акимжан 2009-жылы Бишкек мэриясынын токтомуна ылайык жер тилкесине ээ болуу аракетин кылган. Т.К. белгилегендей, токтомго ылайык 45 жер тилкеси бөлүнүп берилген. Анын 15ин Муйбиллаевдин туугандары алышкан. 10у Т.Н. кишилерине, калганы архитектурадагы адамдарга берилген. Бул боюнча УКМК ККК иш алып барган, бирок жыйынтыгы белгисиз.

2010-жылы апрель окуяларынан кийин Акимжан Муйбиллаев издөөгө жарыяланган. Аны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеп жүргөндүктөн, Т.К. жардам сурап кайрылат. Ал Акимжанды жана анын үй-бүлөсүн Аламедин-1 районундагы батирине жашырган. Андан кийин Акимжан өлкөдөн аман-эсен чыгып кетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун Тоха аттуу мүчөсүнөн жардам сураган. Бул иш үчүн алар алгач 500 миң доллар сурашкан, бирок 200 миң долларга макул болушкан.  ОПГнын мүчөлөрү Муйбиллаевди Тажикстандын чек арасына чейин коштоп барып, Москвага учуучу учакка салышкан. Акимжан Москвадан Түркияга учуп кеткен.

Т.К.нын айтымында, Муйбиллаев төлөп берүүчү акчаны кечиктиргенден соң ОПГнын мүчөлөрү андан макулдашылган акчаны талап кыла башташкан. Ошондо Т.К. Акимжанга кек сактап, аны “сатып” кетти деген. Финполициянын мурдагы төрагасы макулдашылган 200 миң долларды 30, 40 миң доллардан төлөп жатып, кутулган.

Мындан сырткары, Т.К. Акимжандын Кыргызстанга кайтып келишинин бир нече себептерин айткан. Ал белгилегендей, 2010-жылы Акимжан өзүнө карата козголгон кылмыш ишин Болот Сүйүмбаев аркылуу 1 миллион сомго бүтүргөн.

Бир жылдан кийин Акимжан Т.К.га жер тилкесин башка жерге алмашууну суранган. Бирок, ал баш тарткан. Бир нече убакыттан кийин ОПГнын Тоха аттуу жана башка мүчөлөрү Т.К.ны сабап, жердин документтерин тартып алышкан.

Ал жердин жанында дагы эки тилке болгон. Алар үч тилге кошулуп, он беш кабаттуу үй курулуп жатат. Анын 400 чарчы метри Акимжанга таандык. Ал эми Т.К. өзүнүн үлүшүн – 1000 чарчы метрин талап кылган.

Айыпталуучу айткандай, Муйбиллаев талап кылынган 500 миң долларды, ошол курулуп жаткан үйдөгү үлүшүн эске алып талап кылып жатканын айткан. Ар бир чарчы метр 500 доллардан сатылса, 1000 чарчы метр 500 миң доллар болот.

Бирок, Т.К.нын айтымында, ал мындай “астрономиялык сумманы” талап кылышы мүмкүн эмес болгон.

Ал эми В.А.нын зордукталышы боюнча ал эч нерсени билбейт. Бирок, Акимжандын аялы аны башка кыздар менен көп жолу кармап алганын эстеген.

В.А.нын зордукталышы боюнча ал интернеттен билген. Аны 2019-жылы Бишкек ШИИБи суракка чакырып, андан кийин камалган.

Муну менен катар Т.К. тергөөнүн башында күнөөнү мойнуна алганын айткан. Бирок, сотто көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Бул Акимжандын жактоочунун суранычы менен болгон. Адвокат Муйбиллаев тосмо арыз жазарын айтып, Т.К.дан 10 миң доллар талап кылган. Жада калса, Акимжан менен болгон ишти бүтүрүүнү талап кылып №1 ТИЗОнун “смотрящийи” Алтуха чалган.

Айыпталуучу 12 миң доллар бергенде дагы кылмыш иши токтобой, аны абакка камашканын билдирген. Ал кызматташуу келишими алдамчылык менен түзүлгөнүн айтып, ошондуктан адвокатка каршы арыз жазган.

Жыйынтыгы.

Сот иштин материалдарын карап чыгып, акча талап кылуу фактысы болгонун аныктаган. В.А.нын зордукталышы боюнча берилген арыз жалган болуп табылды.

Сот Т.К. алдамчылкка күнөөлүү деп таап, 260 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Ошондой эле Муйбиллаевдин кайын энесине материалдык чыгым үчүн 1 миллион 266 300 сом төлөп бермей болду.

Сот В.А. акча талап кылуу жана кылмыш тууралуу жалган маалымат бергендиги үчүн күнөөлүү деп тапты. Ага 300 миң сом айып салынды.

Эки айыпталуучу тең камактан бошотулган. В.А. – 18 жашта, мурда соттолгон эмес. Т.К. – соттолгон эмес, анын 4 баласы жана оорукчан апасы бар.

Муну менен катар сот Акимжан Муйбиллаевдин доо арызындагы талаптары боюнча компенсациянын көлөмүн эсептөө мүмкүн эместигин айтат. Ал үчүн өзүнчө жарандык өндүрүштөгү иш менен тыкыр карап чыгуу керектигин билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: