Menu

Фото – Лондондогу кыргыз элчилигинин иш-чарасына премьер-министр Борис Жонсондун атасы Стенли катышты

Бөлүшүү:

25-февралда айтылуу “Роял” Географикалык Коомунда “Кыргызстан Туризм Роудшоу” аттуу британиялык туристтерди Кыргызстанга тартууга арналган иш-чараны Улуу Британиядагы Кыргызстандын элчилиги жана Туризм департаменти биргеликте уюштурду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага премьер-министр Борис Жонсондун атасы Стенли катышты. Ал Кыргызстанда 2018-жылы илбирсти коргоо аракетинде видеокамераларды орнотууга катышканы боюнча айтып берди. Мекенибиздин ажайып кооздугуна суктанган 80 жашар мурдагы Европарламенттин депутаты, азыркы белгилүү активист жана жазуучу жыйынга катышкан британиялык туркомпанияларга Кыргызстанга көптөгөн туристтерди жөнөтүүгө чакырды.

Лондондо өткөрүлгөн жолугушуу бул жуманын аягына чейин Манчестер менен Эдинбург шаарларында дагы уланмакчы. Аракетти коштоп мекендик 12 туркомпаниянын өкүлдөрү жана “Мурас” элдик аспаптар тобу да Британия сапарына аттанышкан.

Элчиликтин аракети менен “Түрк Аба Жолдору” компаниясы Улуу Британиядан Кыргызстанга 2020-жылы аттанган туристтик топторго 20%га арзандатылган билет сатылаарын жарыялады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: