Menu

Феликс Кулов, “Ар-Намыс” саясий партиясынын лидери: “КСДП фракциясынын Жогорку Кеңеште отурушу легитимсиз жана алар саясий ишенимге ээ эмес”

Бөлүшүү:

Эгеменүү Кыргызстан болгонубуздан бери андагы саясаттын алчы-таасын жеген, А. Акаевдин заманында абакта да отуруп, турмушта көптү көргөн экс-вице президент, экс-премьер-министр, УКМКнын экс-төрагасы, ИИМдин экс-министри, экс-губернатор, Бишкек шаарынын экс-мэри, ЖКнын экс-депутаты, (мамлекетибиздеги эң эски партиялардын үчөөсүнүн бир болгон) “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов жакында “Govori.TV” электрондук маалымат булагына маек берип, аталган маектин жүрүшүндө учурда коомубузда актуалдуу окуялардын бирден-бири болуп жаткан КСДПнын тегерегиндеги ар кандай чуулу окуялар тууралуу да сууроолор суурулуп чыкты. Ф. Кулов ал суроолорго өзүнүн юридикалык көз карашын айтып, кезинде партиянын атынан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутаттар бүгүнкү күнү аларды парламентке алып келген партияны жана анын программалык багытын четке кагып Жогорку Кеңеште отурушу легитимсиз жана алар саясий ишенимге ээ эмес деген пикирин билдирди. Ошону менен бирге эле алардын «3-апрелде өздөрүн сьездин өткөргөнү жатышат. Бул сьезди юстиция министрлиги мыйзамдуу деп тааныйбы же жокпу деген суроо жаралат. Мен чындыкты айтсам, А. Атамбаевге менин жакшы көз карашым деле жок, бирок, партияны түптөгүн адаман тартып алуу эркекчиликке жатпайт. Бул рейделикке жатат. Атамбаевдин бул партиясына тийишпегиле! Сындагыла, оппозиция түзгүлө, бирок юридикалык жактан КСДПсын кайрадан каттоодон өткөрүү бул рейдерлик!” деди Ф. Кулов.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: