Menu

Чынар Капарова, диктор: “Мага башкы директор Илим Карыпбеков кысым көрсөтүүдө”

Бөлүшүү:

–  Көптөн бери эфирден көрүнбөй калдыңыз эле, азыр болсо жумуштан кетти деп угуп жатабыз…

– Мен өз каалоом менен жумуштан кеткен жокмун. Мага башкы директор Илим Карыпбеков кысым көрсөтүүдө. Анын 12-августтагы буйругу менен жумуштан бошотулуп отурам. Буйрукта Сүйүнбай Эралиевди «Улуу Ата мекендик согуштун баатыры», жана «Кыргыз эл баатыры» деп туура эмес жазгандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулсун делип турат. Бул эки сөз үчүн же эскертүү, же сөгүш бербей туруп, дароо кызматтан алуу – куугунтук деп эсептейм. Залкар инсаныбыз Сүйүнбай Эралиевди кандай көркөмдөп, кандай даңазаласак жарашат. Өзгөчө акыркы сапарга узап жаткан элдик адамды урматтоо ирээтинде аны дагы бир жолу даңазалап койуу ашыкча болгон эмес деп эсептейм. Эралиев атабыздын «Кыргыз Республикасынын Баатыры» экени калың журтка белгилүү. Тексттин алгачкы бөлүгүндө даана жана так жазылып турат. Андан ары кайра-кайра кайталай бербей «Кыргыз эл баатыры» деп жазып жатабыз. Бул эмне кемсинтүүбү же туура эмес наамбы? Расмий «Кыргыз Республикасынын Баатыры» делгени менен эл арасында «Эл баатыры» катары жугумдуу кабыл алынат. Ал эми Улуу Ата мекендик согушта баатырлык көрсөткөн жоокерлерге «Советтер Союзунун Баатыры» деген жогорку наам берилген. Эралиевде андай наам жок, мен аны «Советтер Союзунун Баатыры» деп жазган жокмун да. Болгону Эралиев атабыздын кан майданга барып, кан кечип, аман келип, анан калса элге кызмат кылган эмгектерин баалап, Улуу ата мекендик согуштун баатыры деп даңазалап жазганымда жазык барбы? Бул буйрукту уккан тилчи, адабиятчылар таң калып, баш чайкап жатат…

– Буга чейин да кысым болгон беле?

– Илим мырза кызматка жаңы киришкени «мен тыштан адис издебейм, сиздер менен гана иштешем» деген. Жалпы КТРК эмес, «Ала-Тоо» студиясы боюнча айтсам, көп өтпөй дикторлорду кыскартты. Кыргызча жаңылыктарды алып баруу мага жана Лунара Мамытовага берилип, калган дикторлор эфирден четтеп калды. Алар Нуржан Ташболотова, Гүлжан Кулмамбетова, Замира Нусубалиева, Мээрим Сырдыбаева, Гүлшан Кулматова, Елена Черномазовалар. Көп өтпөй Лунара Мамытова депутаттыкка кетти. Мен К. Абазбеков менен жалгыз иштеп жүрдүк. Эфирдин түйшүгү оор. Бирок күнү-түнү, таң атпай, түштө, кечинде, дем алыш күндөрү да тыным албай эфирге чыгып жүрдүм. Алпурушкан шайлоолор да бүттү. Жай турмуш башталды. Аны менен Илим мырза зериккенби, башка каналдан кеткен дикторлорду эфирге чыгара баштады. Ошондон тарта мен куугунтукка кабылдым. Ачык айтпайбы, же эфир менин менчигим беле. Башка дикторлор ишсиз жүрдү. Башкаларды ишке чакырды. Айтоор ал кыздар да бир-эки сапар эфирге чыгып, жок болушту. Анан эле ишине тыкан, дасыккан Гүлжан Кулмамбетованы эфирге кайра койду. Сүйүнүп калдык. Бирок жамаатка келип алып, Кулмамбетованы эфирге чыгармак эмесмин, Аскар Салымбеков чалып суранганда да укпай койгом, Капарова чарчадым деп айла жок Гүлжанды чыгардым деп актанып, мени күнөөлүү кылды. Андай эле диктор керек экен жүрбөдү беле башкалары да качан эфир болот деп. Мына Илим мырзанын жүзү. Анан мени  эфирден алуунун айласын издей баштады, шылтоо да табылды.

Ушул жылдын 23-январында Башкы директордун орун басары К. Иманалиев мага телефон чалып, Ош студиясындагы Актилек Гүлжигит кызына Оштогу театрлар жөнүндө даярдап жаткан материалын өтө катуу курчутпай берсин деп суранып коюумду өтүнгөн. Албетте жетекчинин сөзүн мен кабарчыга телефон аркылуу тек гана «ошол сюжетти өтө курчутпай бере аласыңбы» деп жеткиргем. Ал сюжетти курчутуп бербөө боюнча жүйөөлүү себептери болгон. Кабарчы «Ош шаарындагы Кыргыз театры өтө начар иштейт, ал эми өзбек театры жакшы иштеп жатат» деп эки театрды бир сюжеттин ичине берген. Бул жерден чочулоонун кажети бар болчу. Анткени кыргыз-өзбек мамилесине шек келип калбасын деп алпуруштук да. Ансыз деле кыргыз-өзбек деп айта берип кандай окуялар болгонун калың эл жакшы билет. Бул жерде эки сюжет даярдалышы керек эле. Макул кыргыз театры начар иштеп жатса ачык жазылышы керек, бирок эки элдин эки театрын бири-бирине салыштырып, ардантуунун кажети бар беле?.. Бул боюнча Байкоочу Кеңеш да өз жыйынында сөз кылып, тескерисинче ошол сюжетти эфирге курчутпай берүүгө аракет кылгандар сыйланышы керек болучу деген пикирлер да айтылыптыр. Бирок Башкы директор мени чакырып «ал сюжетти мен заказ кылгам» деген негиз менен өзүнүн орун басарына сөгүш жарыялап, мени таптакыр кетирүүгө аракет кылды. Бирок мага эч кандай юридикалык чара табалбай, мага да сөгүш берип, ал гана эмес алып баруучулук штатымды жоюп, баяндамачы кызматына которуп, эфирден да алып, болгон аракетин жасады. Ал эми сюжетти даярдаган Актилек Гүлжигит кызын келишим мөөнөтү бүттү деген негиз менен жумуштан кетирди. Кенедей үч баласын жалгыз багып, ошол эле учурда айлыгы аз, түйшүгү көп жумушту аркалап келе жаткан Актилек Гүлжигит кызын жумуштан кетирип салганына ичим азыр да сызып жүрөт. Илимдин ташбоорлугуна чек жок.  Көп өтпөй мен башкы директорго үч ирээт кирдим, эфир маселеси боюнча, ал «жакында чыгасыз, азырынча текст текшерип иштеп туруңуз» деп жоошкута берди. Андан бери жарым жыл өттү. Калыстык үчүн мен Байкоочу Кенешке расмий кайрылдым. Байкоочу кеңештин мүчөлөру мени «эфирге чыгарылсын» деп чечимин чыгарып берди. Эки-үч күн өтпөй Адистер бөлүмүнөн мага «Сиз эмне кылып жибердиңиз дагы, Карыпбеков Ч. Капарованы текшергиле» деп буйрук берип кетти» деп жан тартуу сөзү жетти. Ошондо эле билип тургам, бир нерсе издеп жатканын. Жумушка кечикпей келип-кетип, каталарды биринен сала бирин текшерип, баштапкыдан дагы чоң жоопкерчилик менен иштей баштадым. Демек, Илим Карыпбековдун деөгээли алы жетпеген адистерин аңдытуу, кодулоо, артынан түшүү жолу аркылуу жүдөтүп, чүнчүтүп, акыры өзү кете турган абалга жеткирип кутулуп келе жатканы эми даана билинди. Маектеринде мактанып жатат Илим мырза, мен келгени 70тей кызматкер өз каалоосу менен иштен кетти деп, ким кызматтан кетет, ушундай оош-кыйыш мезгилде, акыркы нанынан ким баш тартат… Анан калса, жалпы жамаат Илим мырзанын текеберленип сүйлөгөнүнө күбө.  «Ала-Тоо» студиясына келип жыйын куруп, «мен жумуштан алып салсам кайда барасыңар, жанталашып же Байкоочу кенешке мүчө болгонго, же «Арноо концертин» алып барганга жанталашасыңар деген сөздөрдү айтты. Эмне үчүн?

Өзү да Байкоочу кеңештин мүчөсү эмес беле, же «Арноо концертин» алып барып жаткан Гүлшан Молдоева менен Бактыбек Мамытовдор айласы кетип ошол жакта отуруптурбу? Аларды эл сыйлаган, эл кабыл алган адистер. Бул сөзгө менин кесиптештерим да күбө.

– КТРКга жетекчи тандоодо жамааттын салымы канчалык?

– Ушул жерден Илим мырзаны жумушка алган Байкоочу кеңеш менен, албетте Ак үйдөн көрсөтмө берген тарапка суроо узатам. 2010-жылы болгон ынкылапта Илим Карыпбеков кайда эле? Ал О. Малеваннаялар, КТР ошол кездеги жетекчилиги менен кошо качып, жашынып жүрбөдү беле? Же бизге,  карапайым кабарчы, журналисттерге кошулуп алып КТРди сактап калалы деп чуркап жүрдү беле. Ошол окуяларда КТР жетекчисиз калып, ошол эле бизге окшогон тажрыйбалуу адистердин жардамы, күжүрмөн эмгеги менен эфир чыгып жатпады беле. Илим мырза кайда эле? КТРди Максим Бакиевдин менчигине өткөрүү боюнча Малеваннаянын ой-пикирин кош колдоп, пальтосу менен сумкасын көтөрүп алып, кайда барса аркасынан чуркап  жүргөн Илим мырзага КТР ишенилдиби? Азыр КТРде абал кандай?  Талкалап, кайра салып коюу менин да колуман келет. Анын негизги милдети көрармандардын талабын аткаруу болчу…Байкоочу кеңеш да ишинен кемчилик болгон үчүн сөгүш жарыялап жатат. Кеңештин курамында элге белгилүү, өз ишинин мыкты адистери бар.

Мен КР Президентине кайралгым келет. Ошол 2010-жылдагы окуяларды чагылдырууга активдүү катышкандыгым, жаш балдарымды үйгө камап коюп, 2010-жылы күнү-түнү КТРде иштеп жүргөнүмдү эске алып, КТРдин коллегиясынын чечими, өз жамаатымдын колдоосу менен мага «Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы» Президент тарабынан тапшырылбады беле? Кечээ КТРди жайлап, жок кылууга камынгандар, КТРди коргоп турган карапайым журналиттерден тазаланып жатабы? Канчалаган мыкты адистер кетти…

Мен Жогорку Кеңештин Төрагасына кайралгым келет. Мыйзам  чегинде иштейли дейбиз, мыйзамды бурмалап, өз кызыкчылыгына колдонуп, жактырбаган адисин кодулап жумуштан кетирүүгө кандай карайсыздар?-деп.

Президентибиз   Алмаз Атамбаев    Сүйүнбай Эралиев атабызга өзгөчө сый урмат көрсөтүп келген. Президент да Сүйүнбай Эралиевди “Эл баатыры” деп ызаат кылып атамак болуш керек.

Булак:  “Ачык саясат “ гезити.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: