Menu

Тажикстанга Ирандын «саясий делегациясын» ТИМ башчысы жетектеп барат

Бөлүшүү:

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйына катышуу үчүн Тажикстанга барат. Жыйын 16-17-апрелде Душанбе шаарында өтөт.

Иран басылмаларынын маалыматы боюнча өлкөнүн «саясий делегациясын» Мохаммад Жавад Зариф жетектеп барат. Бул сапардын алкагында Ирандын ТИМ башчысы Тажикстандын жетекчилери менен жолугушат деп күтүлүүдө.

ЭКУ — Орто Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү тарабынан 1985-жылы негизделген мамлекеттер аралык аймактык экономикалык уюм.

Мохаммад Жавад Зариф Тажикстанда иш сапары менен акыркы жолу былтыр ноябрда болгон. Анда аны Тажикстан президенти Эмомали Рахмон кабыл алган. «Жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелери каралды. Соода, инвестициялар, энергетика, транспорт, айыл чарба жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана буга чейин келишилген макулдашуулардын ишке ашырылышына байланышкан маселелер талкууланды», — деп билдирген Тажикстан президентинин басма сөз кызматы.

Анда тажикстандык серепчилердин көбү Мохаммад Жавад Зариф Душанбеге эки өлкөнүн начарлап кеткен алакасын калыбына келтирүү үчүн келгенин билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: