Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын көчөдө турган сүрөтү кечээ интернетке жарыяланып, ал азыркыга чейин кызуу талкууланууда. “Аялдамада маршрутка күтүп жатат, бир байкуш болуп калган тура”,- деп жазгандар болду. Ар кандай сынга чыдабай кеттиби, айтор, КСДПнын өкүлү, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева: “Бул сүрөттөгү Раиса Атамбаева. Мурдагы биринчи айым азыркы учурда Медициналык академияда ишин улантып жатат. Раиса Минахмедовна мурда деле өзүнүн адамкерчилиги, жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турчу. Анын азыр коомдук транспорт менен жүргөнүнүн эмнеси бар экен? Бул тескерисинче, анын элге жакындыгын айгинелеп турат”,-деген билдирүү таратты.
Эскерте кетсек, 16-августта, Бишкек шаардык соту (сот УКМКнын имаратында каралган) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, ага адвокаттардан башка киши кире алган эмес. Алардын арасында Раиса Атамбаева да бар болчу. Ал журналисттерге абалын айтып, ага да кылмыш иши козголгонун, саясий куугунтук болуп, бардык мүлкүн бийлик тартып алып жатканын, Кой-Таштагы үйгө кагаз чапталса, үй-бүлөсү менен көчөдө калышы ыктымал экенин, андан башка эч нерсеси жок экенин айтып агынан жарылган. Ошондон улам, бул сүрөтүн көргөндө: “чын эле көчөдө калганбы?”,- деп ойлоп кетет экенсиң.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ