Албетте, экс-президент А. Атамбаевди курулай каралап, биз Кудай алдында күнөөкөр болгубуз келбейт. Бирок, ал мамлекетти башкарып турган алты жылдык доорунда ишке ашкан жана башталган ири долбоорлордун дээрлик баарында ири коррупция жойлоп кеткени коомчулукка бүгүнкү күндө ачык белгилүү болуп калбадыбы. Мисалы. Бишкек ТЭЦинен эле 111 миллион доллардын дайыны жок болуп атат. Муну тергөө тастыктады. Тарых музейинде эки жыгач ат 14 миң евродон алынганына «сыймыктанып» отурабыз. Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушунда да ири коррупция бар экени айтылып келет. Айтор, Атамбаев алты жыл ичинде өлкөбүздүн тышкы карызын эки эсе көбөйтүп, ошол сырттан алынган карыз акчалардын көпчүлүк бөлүгүн эле жан-жекөрлөрү менен бөлүштүрүп алганы билинди.
Анан ошентип баары алаканга салгандай ачык көрүнүп турса дагы А. Атамбаев 4-апрелде борбор калаабыздын 7-кичи районуна курдурган мечиттин ачылышында «Кудай алдында, ыйык мечитте туруп айтып жатам, мен таза иштедим. Бирөөнү пара бер же жамандык кыл деп эч качан айткан эмесмин. Буга Кудай, тарых күбө болот», – деп сүйлөдү. Демек, ал таза иштеген болсо, анда Бишкек ТЭЦинен уурдалган миллиондорду С. Исаков сыяктуу «оң колдору» уурдаган болуп калабы?
Андан башка долбоорлордон да 100 миллиондогон долларлар уурдалган. Ошонун баарын «Мен билген эмесмин» дегиси келип атабы? Жок дегенде ушул ыйык мечитте каратып туруп калп айткандан тартынса болмок. Минтип анткорлоно берсе Кудай урбайбы?
Булак: “Кабар Инфо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ