БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНГА
Кичи жеңиш, чоң жеңишти чакырып,
Тулпар сындуу арыш керип чыккыла.
Акча, байлык, саткындарды тебелеп,
Бандит менен көпөстөрдү уткула!!!
Кем болбостон бүтүн болуп дайыма,
Ай толгондой жаркып тийгин элиме.
Мыйзам күчүн орнотот деп ишенем,
Ууру- кески толуп бүткөн жериме!
Туш тараптан тузак тартып турса да,
Адалсынган молдо тизгин бурса да,
Өз ичиңден пайда болуп кас душман,
Мансап үчүн шайтан үйүн курса да,
Жеңиш туусун сактагыла алдырбай,
Каракчылар уурдап-талап жулса да!
© Асейин Саралаев
P.S. Мен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү же колдоочусу эмесмин. Бирок мен ар дайым чындыгы көп жакты колдойм жана чындык тараптамын! Келе жаткан шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сөзсүз Парламентке келиши керек… Эмне дейин толкундоолорго толгон, күтүүлөргө толгон сот процессин жана жыйынтыгын, партиянын колдоочуларын көрүп менин деле ыйлагым келди… Чыркыраган чындык соттун өзүн дагы толкундатты… Бул ирет соттун калыстыгына ыраазы болдум. Өзгөчө БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алтын доскем сага миң ирет алкыштар болсун!!! Мына сендей айымдар бар биздин өлкөнүн түркүгү тирелип турат.
Сени менен замандаш болгонума кубанычтамын! Бардык “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын колдоочуларына, лидери Адахан Мадумаровго, бардык талапкерлерине жана мен урматтаган Өмүрбек Суваналиев байкеме албан ийгиликтерди каалайм!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ