Панамалык Mossack Fonseca юридикалык компаниясынын 9-майда интернетке жарыялаган материалдарында «Dariga N. Nazarbayeva» жөнүндө сөз болот. Бул казак президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы жана Казакстандын вице-премьери Дарига Назарбаева болушу ыктымал.
Эл аралык иликтөөчү-журналисттердин маалымдашынча, Dariga N. Nazarbayeva 2007-2012-жылдары Британиялык Виргиния аралдарында катталган Asterry Holdings LTD оффшордук компаниясынын тең кожоюну болуп саналат.
Документте ошондой эле миллионер Сержан Жумашов, ENRC металлургиялык гигант Патох Шодиев, бизнесмен Маргулан Сейсембаевдин да ысмы аталган. Тизмеде Уругвайда катталган жана Masterton Management LTD компаниясынын тең кожоюну Эрлан Сагадиев да бар. “Панамагейттин” алкагындагы алгачкы маалыматтар ушул жылдын апрелинен тарта ачыктала баштаган. Документтерде Дарига Назарбаеванын уулу Нурали Алиевдин да фамилиясы жүрөт.
Айрым өлкөлөрдө “Панамагейттин” материалдарынын натыйжасында жогорку кызматтагы атка минерлер отставкага кеткен. Казакстанда болсо аталган маалыматтарга карата эч кандай жооп деле болгон жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ