Кандуу апрель окуясынын максаттары ишке аштыбы?
-КМШ өлкөлөрүнүн ичинде айлык-акы боюнча коңшу Таджикстанды гана ашып турабыз. Ал эми айлыктын өсүү темпи боюнча алар бизден алда канча ашып жатат. Революция дегенибиз ушулбу? Мына жакында жергиликтүү шайлоолор болду. Анда дагы парламенттик шайлоодогудай эле массалык түрдө акча таратылып, эл ошонун негизинде гана добуш бергени билинди. Бул эмненин белгиси? Мында бийликтин институттарына элдин ишеними таптакыр жок болуп калгандыгын билсек болот. Асманды айткан партиянын программасына жарандарыбыз ишенбегени менен миң сом болсо дагы бир нече күн жанымды багып турайын деп ойлоп, таратылып жаткан акчаларын алууга аргасыз болуп жатышат. Буга бийликте олтургандар түздөн-түз күнөөлүү. Анткени эки «революция» болгону менен элдин үмүтү аткарылган жок. Мурунку шылуундар, ого бетер карьера жасап жатышат. Азыр деле баягыдай эле сатылган соттор, оппозицияны бир беткей шыбаган КТР, репрессия кылган УКМК иштеп жатат. Алардын жетекчилеринин аң-сезимине “эмне кылык кылсам дагы, мага эч нерсе болбойт” деген орноп калган. Ошондуктан биз, оппозиция элитаны тазалоо үчүн коррупцияга шектелгендердин баарын жазалашыбыз керек. Анткени биз тазаланмайынча, жаңы Кыргызстанды кура албайбыз.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ