Menu

Токтайым Уметалиева, коомдук ишмер: “Талаш-тартыштарды улуттук сезимге тийишпестен, ачык талкуу жана диалог аркылуу чечүүгө үйрөнүшүбүз абзел”

Бөлүшүү:

Жалпы кыргыз элине, Кыргыз Республикасынын ПрезидентинеЖогорку Кеңештин депутаттарынаөлкөнүн саясий партияларынын жана кыймылдарынын жетекчилерине, жарандык чөйрөнүн өкүлдөрүнө, жалпы маалымат каражаттарына Кайрылуу
Дүйнөлүк ири державалардын геосаясий атаандаштыгы күчөгөн шартта биз – өз өлкөсүнүн мекенчилдери – Кыргызстан чөлкөмдөгү жарандык чыр-чатакка ооп тартылышы ыктымал экендигин айрыкча даана сезип турабыз.
Мындай пландарды ишке ашырууда качан болбосун ички дин аралык, аймак аралык жана улут аралык пикир келишпестиктер курал болуп келген. Мыдай чыр-чатактарды каалагандар дайыма калп эле мекенчил баалуулуктарды көтөрүмүш болуп, ал эми иш жүзүндө улуттук кызыкчылыктарды коргоого жана жүзөгө ашырууга эч кандай куштар эмес.
Өлкөнүн түштүгүндөгү соңку окуяларга, Үркүндүн 100 жылдыгынын алдында көөдөнү сокур саясатчылар 1916-жылдагы трагедия боюнча улут аралык чатак чыгарууга багытталган ар кандай бурмаланган маалыматтарды таратып жатканына өтө зор тынчсыздануу менен көз салып, ошондой эле Үркүндүн датасына туура келип калган 1990-жылдагы окуялардын трагедиялуу кесепеттерин, 2010-жылдагы июнь окуяларын эске алуу менен, биз саясий партиялардын жана кыймылдардын жетекчилерине бул теманы жеке кызыкчылыктар үчүн пайдаланбаганга чакырабыз.
Биздин ата-бабалардын трагедиясы саясий күрөштүн жана сооданын, басым көрсөтүүнүн, айрым топтордун кызыкчылыгын камсыз кылуунун каражатына айланбашы керек. Болуп өткөн окуяларга баа берип жаткан саясатчылар өз тыянагын даана фактылар жана документалдык материалдар менен далилдөөгө тийиш.
Тарых артка кайрылбайт. Биз, Улуу Кыргызстандын жарандары, мындан ары трагедиялуу окуяларга кайрадан жол бербеш үчүн туура жыйынтыктарды чыгарышыбыз зарыл. Ата-бабаларыбыздын тажрыйбасы бизден даанышмандыкты талап кылат.
Бүгүн биз бардык .
Бүгүн биз, кылым карыткан көп улуттуу мамлекеттин өкүлдөрү, ата-бабаларыбыздын жоопкерчиликтүү тукуму катары, кезектеги Үркүнгө эмес, бардык мекендештерибиздин өз эли-жерине Кайрылышына шарт түзгөнүбүз оң.
Бүгүн биз айкөлдүгү, ишеничи, адамгерчилиги жана кечиримдүүлүгү менен кыргыздарды эле эмес, биздин жерди жердеген башка улуттардын өкүлдөрүн да кол астына бириктирген улуу Манас атабыздын туусу астында баш кошуп, Кыргызстандын күчкө толушун каалабаган тараптарга каршы турушубуз зарыл.
Биз, көзгө даана уруна баштаган азыркы коркунучтарга каршы туруш үчүн ата-бабаларыбыздын башынан өткөн трагедиялуу тарыхый окуялардан сабак алууга чакырабыз.
Биз трагедиялуу Үркүн окуяларына байланышкан тематиканы саясий максатта пайдалануудан баш тартууга чакырабыз.
Биз ата-бабаларыбыздын элесин, 1916-жылдын трагедиялуу тарыхын сыйлоо иретинде улуу өлкөбүздүн бардык жарандарын жалпы эл катары биригүүгө чакырабыз.
Биз кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калуу, өлкөбүздө туруктуулукту, коопсуздукту жана эртеңки болочок урпактарыбыздын жаркын келечегин камсыз кылуу максатында Кыргызстаныбызды революция эмес, эволюция жолу менен өнүктүрүүгө чакырабыз.
Биз Кыргызстандын көп улуттуу элинин биримдигин жана бейпилдигин баалаган адамдардын баары бул кайрылууну колдойт деп ишенебиз.!!!!!
Токтайым Уметалиева- коомдук ишмер,  карапайым кыргыздын кара кызы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: