Menu

Бишкекте чоң ылдамдыкта жүргөн метробустар каттай баштайт

Бөлүшүү:

Өлкөбүздүн аймактарын мындай кой, борборубуз Бишкек шаарынын коомдук транспортунун абалы өтө начар экендигин эл эле эмес, бийликтегилер да моюнга алып келишүүдө. Себеби негизги жүргүнчүлөрдү тейлеген унаалар жеке менчик болгондуктан, график, жол эрежесин сакташпайт. Мындан тышкары рулда баратып уюлдук телефон менен сүйлөшүү, салондо тамеки тартуу жана жүргүнчүлөрдү урушуп, жекирүү аларга көнүмүш адат болуп калган. Элдин мына ушул айдоочуларга карата Кудайга жеткен нааразычылыгы бийликтегилерге да жеттиби, айтор жакында катуу ылдамдык менен жүргөн метробустар ишке кире тургандыгын убада кылган. Бирок азырынча бул автобустар качан каттай баштай тургандыгынын так күнү айы белгисиз.

Алдын ала пландар боюнча, метробустар 2-3 мүнөттүк интервал менен каттайт.

Биринчи этапта маршрутту 12-кичирайонунан баштап, А.Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүнө андан кийин Жукеев-Пудовкинадан Ибраимов көчөсүнө чейин, анан Токтогул көчөсү менен Фучикке чейин кылуу каралууда.

Экинчи этап Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейин, андан Гагарин, Садырбаев көчөсү менен Фучик көчөсүн өтүп Москва көчөсүнө чыгаруу каралууда.

Мэриянын өкүлдөрү кабарлагандай, метробус – бул жогорку ылдамдыктагы ВКТ автобус системасы. Алардын жөнөкөй автобустардан айырмасы – алар атайын бир линия менен жүрүп, үзүгү жок линияны түзөт. Жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана чыгаруу атайын турникеттер аркылуу жүргүзүлөт. Жол акы да Союз учурундагыдай билет системасы менен төлөнөт экен. “Болсун, болсун, Курман ыраазы”,- дегенден башка эч нерсе айта албайбыз.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: