Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрү бекиткен айыппулдарга нааразы болушууда. Мындан улам, бүгүнкү парламенттик отурумга жагдайды түшүндүрүү үчүн өкмөттүн өкүлдөрүн чакырылган.
Вице-спикер Мирлан Бакиров айыппулдардын өлчөмү өтө жогору болгондугуна нааразычылык билдирип, калк аларды төлөй албай калышы мүмүкүн экендигин айткан.
«Ойдун өзү жакшы, бирок айыппулдун өлчөмү коюлуп жатканда айлык маянанын өлчөмү көңүлгө алынган эмес», -деген ал.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков түкүрүктөр үчүн айып пул Сингапурдун тажрыйбасынан алынгандыгын билдирди. Бирок айып пулдун өлчөмүн коюп жатканда өкмөт Кыргызстан менен Сингапурдагы орточо маянаны эсептеген эмес.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ