Президент Сооронбай Жээнбековго каршы шайлоодо Өмүрбек Бабановдун таламын талашып, бийликти басып алууга даярдык көрүүдө деген шек менен камалган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге бийлик ырайым кылды. Учурда үй камагына чыгып, парламентте ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Ошол эле кезде, Жээнбековдун президент болушуна жан үрөп кызмат кылгандар түрмөдө отурушат. Бул да болсо турмуштун парадоксу болсо керек. Бийлик Канат мырзанын агасы Талант Исаевди ИИМдин атайын даярдыктагы күзөт кызматынын башына алып келгени жатканы айтылууда. Мунун артында эмне турушу мүмкүн деп баш катыргандар, бийлик Чүйдөн таасирин бекемдөө үчүн аргасыз ушул кадамга барып жатат дешүүдө. Кызык, Исаевдер Чүйдү былкылдатпай кармап берет деп ким кеңеш берди экен?..
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ