Menu

Нурдин Абдылдаев: Кыргызстан жасалма дары-дармектерге көмүлүп калды

Бөлүшүү:

«Биздин өлкөдө контрафакт дары-дармектердин көлөмү абдан көбөйгөндүгүнө байланыштуу, эл аралык эксперттер Кыргызстанды кооптуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизди”, – деп белгиледи “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын    Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев. 

Анын айтымында, International SOS and Control Risks (медициналык тейлөө компаниясы) 2017-жылы туристтер үчүн кооптуу эсептелген өлкөлөрдүн картасын түзүп, “медицина” параметри боюнча жогорку деңгээлдеги коркунучтагы өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды да киргизди.

Нурдин Абдылдаев белгилегендей, мамлекеттик структуралар өлкөдөгү фальсификаттын көлөмүн так айта алышпайт, 5%дан 60%га чейинки сандар айтылууда. 

«Өлкөдөгү мындай абал Кыргызстанга жаңы дары-дармектердин келүүсү күчөгөнү менен дагы байланыштуу. 2016-жылдын 1-январына карата 4 миңден ашык дары-дармектин аталышы каттоодон өткөрүлгөн. Телеканалдарда фармацевтикалык продукциянын рекламасы (азык-түлүктөр, турмуш-тиричилик техникасы, уюлдук байланыш кызматтарынан дагы) алдына эч кимди салдырбайт. Демек, биз калкыбызды өзүбүз жаңы дары-дармектерди сатып алууга үндөп жатабыз. Көчөгө чыкса кадам сайын дарыканалар жайгашкан. Элибиз ооруну фармацевтикалык каражаттардын жардамы менен убактылуу жеңилдетүүнү мыкты өздөштүрдү. Ал эми спорт менен дайыма машыгуу, күнүмдүк дене тарбия, дени сак жашоо образына өтүү, туура тамактануу  сыяктуу негизги нерселер унутта калууда”, – дейт “Өнүгүү-Прогресс”  партиясынын мүчөсү Нурдин Абдылдаев.

Ошондуктан, партия өзүнүн “Натыйжа көрсөтөбүз!” аттуу платформасында ар бир калктуу аймакка ыңгайлуу, заманбап спорт аянтчаларын курууну демилгелеп келет.  «Мындай аянтчалар заманбап шаймандар менен камсыздалып, ар бир шаар тургунуна жетишээрлик жакын аралыкта болушу шарт. Биз бул концепцияны Бишкек шаардык комитетинин составында активдүү аракеттер менен алга жылдырабыз”, – деп сөзүн жыйынтыктады Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: