Menu

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер: “Канада, Түркия, Россиядагы (Тывада) алтын кендерде биздин мамлекеттин үлүшү бар, өкмөт муну жашырып келет”

Бөлүшүү:

– Кубанычбек Сатиндиевич, сиз “Кумтөр” менен көп жыл бою кармашып келдиңиз. Азыр “Кумтөрдөгү” абал жакшы эмес экенин – эки кыргыз жаранын көчкү басып, дагы деле дайыны чыкпай жатканы далилдеди. Кенде буга чейин да жарандарды көчкү басып калган учур болгонбу? Болсо окуя эмне менен бүткөн?

– Буга чейин кыргыз журтчулугу билбеген 2-3 жабык терезени ачып берейин. Кайсыл гана жерде болбосун техникалык регламент деген болот. Мында техникалык коопсуздук каралат. Акаевдин учурунда “Кумтөрдүн” техникалык регламенти Кыргызстандын шартында бекитилбей, Канаданын Саскачеван деген провинциясынын коопсуздугу менен бекитилген. Канада кайсыл жакта дагы Кыргызстан кайда? Кыргызстандын климаты табияты башкача да. Фабрика курулган күндөн баштап коррупция өнүккөн. Кыргыздын эки жараны жок болуп жатканы өтө кейиштүү болуп жатат. 10 жылдан ашып калды, борбордук карьердин түндүк жак бети кулап кетип, кыргыздын жаранын басып калган. Аны эч ким издеген да, чыгарган да жок. Кыргыз байкуштарды алдап, анча-мынча тыйын берип коёт да, ошо менен иш бүтөт. Бир тобу мал союлуп, куран окутулуу менен эле бүтүп, компенсация маселелери ошол бойдон калып калууда. Чет мамлекетте ушундай жерде 66 киши каза болгон болсо, бул компанияны жок эле дегенде тизелетип коймок же банкротко алып келмек. Акыркы 10 жылдан бери бийлик ушул маселеге көңүл бөлбөй койду. Бул Өкмөттүн түздөн-түз иши. Эмне үчүн Өкмөт “Кыргызалтындын” ордуна өндүрүш ишканасын ачпайт? Канча киши жумуш орду менен камсыз болот эле. Ар бир райондордо тоо кендерибиз бар. Кеп бир эле алтында эмес. Көмүрдү Жолдошбаевдер казбай, мамлекет өзү казса болбойбу? Ошондо экологияга дагы мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулмак. Чет өлкөлүктөр чөнтөгүн толтурат да баса беришет. Биз уулуу калдыктар менен калып, табиятыбыз талкаланган бойдон калып жатканыбыз жалганбы! Эмне үчүн ушул күнгө чейин “Кумтөрдөн” баштап башка жерлерде жардыруу ыкмасын колдонуп жатышат? Ушундан миңдеген жылдар бою эч нерсе болбой турган аска-зоолорубузда жарака кетип жатат. Мөңгүлөрүбүз талкаланып, ээрип жок болууда. Атамбаев башында турган бийлик “Кумтөргө” мөңгүлөрдү талкалоого бекер уруксат берди. Кыргыз байкуш 5 сотых жерин сугарса акча төлөйт. Канадалыктар ай сайын миллиондогон куб сууну колдонот да, бир тыйын төлөбөйт. Бул эмне деген жоопкерсиздик? Тик учак кулап, ичиндеги адамдар өлгөндө гана “Кумтөр” боюнча бир эле иш козголгон. Аны да жаап-жашырышып жок кылышкан. Ар бир ишканада киши өлгөн болсо, эмне болуп өлдү деп тергейт. Жетекчиси баш болуп баары түшүнүк жазышат. Ит өлүп калса деле ээси эмне болуп өлдү деп карайт да. Биз мал эмеспиз го. Бюджет толбой калат деп эле баарына макул боло беребизби?! Бир топ саясатчылар “Кумтөрдү” айтып келген. Бирок иш жүзүндө эмне иш кылышты? Кыргыз эли алтынсыз эле оокат кылган. Элибиздин келечеги, саламаттыгы, экологиясы алтындан кымбат.

– 16 миң 333 га жерди дагы Өкмөт канадалыктарга бербеди беле. Ал жерде коруктун жери бар экени билгилүү болгон. Бул процесстин жүрүшү кандай болгон?

– Бул боюнча так маалымат бар. 2010-жылы декабрь айында ооруканада жатсам, “2010-жылы март айында жабык эшик артында Данияр Үсөнов өкмөттүн чогулушун өткөрбөй туруп, 16 миң 333 га жерди токтомго кол коюп канадалыктарга берип салыптыр” деген маалымат келип түштү. Ал жерде кызыл китепке кирген жерлер дагы бар. 2011-жылы Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда ушул маселе боюнча кат жаздым. 3-4 ай күттүм, жооп берген жок. Башкы почтамтка барып, буйрутма менен дагы кат жөнөттүм. Ага да жооп бербей койду. Премьер-министрден жооп ала албагандан кийин айласыздан сотко бердим. Анда Атамбаев президент болуп, Бабанов өкмөт башчы болуп келип калды. Бабановдун өкмөтүнүн юридикалык бөлүмү, “Кумтөр” мага каршы болуп турду. Эч нерсе өзгөрбөптүр, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошсо башкача болмок деп ойлоп койгом. Карагулова деген судья ишти караган. Ага “Айланайын карындаш, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жогору кой. Өзүңүз дагы жакында көз жарат экенсиз, коркпоңуз. Декретке кетип каласыз…” деп кайрылгам. Соттун 3 отурумунда маселе биздин пайдага чечилди. Бирок, Өкмөт тескери болуп жатты. Айла кеткенде парламенттин 40ка жакын депутатына материалдарды тараттым. Мени Жогорку Кеңешке киргиздирбей, жыйынга катыштырбаганга аракет кылышты. Курмантай Абдиев, Мыктыбек Абдылдаев баштаган бир топ депутаттар “Исабековго сөз бергиле” деп турушту. Депутаттар кысмакка ала баштаганда, Бабанов айласы жок Данияр Үсөнов кол койгон токтомду жокко чыгарды. Бирок, канадалыктар ал жерге жол салып, казып, табигатты бүлдүрүп жиберген. Жер Кодексинде, Салык Кодексинде көрсөтүлгөн бир да тыйынды төлөбөй кетишти. Мындан сырткары салык, бажы төлөмдөрүнөн бошотулган борбордук аянт 9 миң 70 га жерге бөлүнгөн нерсени ары жакка алып барып бир тыйынын төлөбөй колдонуп жиберишти. Жөнөкөй ишкер бажыда ката кетирип койсо аны камап жатат. Канадалыктар миллиондогон долларлык мыйзам бузса дагы иш козголбойт?

– 16 миңден ашык га жер кайрадан берилбедиби…

– Азыркы Өкмөт, азыркы Жогорку Кеңеш карады дагы кайра беришпедиби. Мурунку бийликтин туура эмес ишин кайра жок кылса, кайрадан ошону туура деп чыгышпадыбы. Андай болсо мурункуларды сындап эмне кылат? “Кумтөрдөгү” алтындын кору 1987-жылы аныкталып, 1989-жылы бекитилген. Ал жерди аныктаган геологдордун көзү тирүү. Өкмөт ошол кишилердин пикирин угуп койбой эле, эмне үчүн бир гана тигил жактын кызыкчылыгын колдойт? Экономика, чарба иши, жер байлыктарын Өкмөт чечет. Жешсе, ичсе, коррупцияга малынса дагы өкмөттүн башчылары, анын үстүнөн караган президент малынат. “Кумтөр” 120 депутаттын ар бирине келип акча берип атыптырбы? Жок. 120 депутат желдет катары макулдугун гана берет.

– Жогорку Кеңеш “Кумтөрдөгү” мөңгүлөрдүн талкаланышына макулдугун бербеди беле. Ошол окуя эки кыргыз жарандын дайынсыз болуп жатканына кесепети тийди деп ойлосок болобу?

– Сөзсүз түрдө. “Кумтөр-1”, “Кумтөр-2” деген долбоор бар. Биз 2009-жылы алтын чырын изилдеп Монголия, АКШга чейин барганбыз. Парламенттеги ар бир фракцияга кат жазып, бирден депутат бөлүнгөн. Коммунисттерден Бүмайрам Мамасеитова, КСДПдан Роза Отунбаева, Ак жолдон Сергей Ибрагимов, өкмөттүн, ТИМдин кишилери кошулган. Ошондо эле биз барган кендерде жардыруу ыкмасы колдонулбай турганын көргөнбүз. Бизде жардыруу дагы деле колдонулуп, чаң, кумдун баары асманга учуп, алар мөңгүнүн үстүнө түшүп, химикаттардын таасиринин кесепетинен мөңгү ээрип атат да. “Центерра” ээлик кылган АКШдагы “Рен” кенине барганыбызда 730 метр жер астына кирип көрүп чыкканбыз. Роза Отунбаева коркпой кирген. Изилдеп барганыбызда бизди киргизбей, жолотпой жүдөтүшкөн. “Рен” кенинин жанында канадалык дагы бир “Баррик голд” деген компания алтын казат экен. Алардын казганы биздин үлүшүбүз бар жерге келип калыптыр. Бул компания биздин кенге келип калыптыр, кандайча?-деп чыр салгам. ТЭОсун бербей коюшканда, БУУга чейин баргам. 5 миң долларды өзүмдүн чөнтөгүмдөн төлөп, башка жолдор менен ТЭОну алып, АКШда 70 доллар менен калып кеткем. Биздин элчинин үйүнө жатып, тамак ичип, ошолордон карыз алып, бул жакка учуп келгем. “Рен” кени сатылып кетти, кана биздин үлүшүбүз? “Бороо” кенинен 42 тонна алтын казылып алынды, Кыргызстанга 42 тыйын да түшпөгөн. Монголиядагы “Центерра” ээлик кылган “Гацуурт” кени бүгүн да иштебей турат. Монголиянын өкмөтү акылдуу экен, салык менен эле 100 млн доллардан ашык акча алып койду. Бизде Акаев учурунда түзүлгөн, түшкөн пайдадан деген келишим боюнча 10 млн гана доллар алынган. Азыр “Кумтөрдүн” жарымынан көбү жок. Эл алтынды канадалыктар ташып кетип жатат деп ойлоп жатат. Андай эмес. Алтынды “Кыргызалтын” сатат. Бүгүн “Кыргызалтын” жөн гана брокер, ортомчу. Бул ишкананын президентинин айлыгы президент Сооронбай Жээнбековдукунан кыйла жогору. “Кыргызалтын” сатылган алтын, күмүштүн пайызын алып олтурат. Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын, Атамбаевдин учурунда алтын бир гана орустардын “Номос” банкы аркылуу сатылган. Эмне үчүн Кыргызстандын банкы аркылуу сатылбайт?

– Эл билбеген көшөгөлөрду ачып берейин деп сөз башында айттыңыз эле. Калың калайык билбеген кандай көшөгөлөрдү айтайын дедиңиз?

– Кыргызстандын тийешеси, үлүшү болгон кендер башка мамлекеттерде дагы бар.

– Кайсыл мамлекеттерде?

– Канада, Түркия, Россиядагы (Тывада) алтын кендерде биздин мамлекеттин үлүшү бар. Муну эмне үчүн өз элинен жашырышат түшүнбөйм. Бул кендер “Кумтөрдүн” эсебинен алынган. “Центерра” бүгүн 100 пайыз “Кумтөрдүн” эсебинен жашап жатат. Себеби, “Баррик голд” жок, “Гацуурт” иштебейт, “Ренди” шилтеп салышкан. Бүгункү күндө 700 млн доллардан ашык каражат “Центерранын” банктагы эсебинде турат. Кыргыз бийлиги мүлжүгөн сөөктөй болгон анча-мынча тыйын берип койсо, ошого ыраазы болуп олтурат. Алтын кыргыз жеринде турат, биринчи кезекте кыргыз мыйзамы менен жооп бериши керек.

– Сиз айткан 3 кен иштеп жаткандарбы?

– Россия, Түркиядагы кендер өздөштүрүлгөн, Канададагы болсо алтын кору жакшы кен, алтын чыкканы турат. Бул кенде мынча алтындын кору бар, азыр мынча адам иштеп жатат, келечеги мындай, Кыргызстандын ала турган үлүшү ушунча болот деп бирөө айткан жок. “Центеррада” вице-президент кыргыз жараны. Атамбаев убагында вице-президент кыргыздан болсун дегенге кол койгон. Директорлор кеңешинде дагы Кыргызстандын 2 мүчөсү бар. Алар 20 миң доллардан айлык алышат. Булар дагы эч качан жооп беришпейт. Кыргыздын пайдасы үчүн маселе көтөрүшпөйт. Биздин талапты талаша турган, ишти билген адамдарды ошол жерге эмне үчүн алып барбайт? Мен күмүш кайда кетет деп издедим. 2009-жылдын 1-январына чейин 62 тонна күмүштү “Кыргызалтын” сатыптыр. 62 тыйын да бюджетке түшкөн эмес. Бул кыргыз өкмөтүнүн алсыздыгыбы же аралашканыбы түшүнүш кыйын. ӨКМ жоголгон эки жигитти издеп жатат. Эмне үчүн ӨКМ издейт да тигилер издебейт? Чыгымды ким төлөйт? Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин иш козголуп, ‘Кумтөрдүн” жетекчилигинин бир тергөөчү суракка чакырып койгон жок? Тоок жоголсо деле издейбиз го. Башкы прокуратура деле “Иш козгогула, жок дегенде экөөсүн камагыла!” деп тапшырма бербейби. Киши жоголуп, экология бузулуп жатса баардык эле эл аралык сот бизди колдойт. Канадада 1 кв метр жерди эч ким бекер бербейт. Биз болсо он миңдеген жерлерди берип жатабыз. Мен Монголиядагы “Бороо” кенине барып изилдегем. Аларда биздикиндей мөңгүлөрү жок. Монголдордун кыйындыгын караңыз, тоосун кайра тоо кылып, жолдорун оңдоп койду. Биздеги уулуу зат чогулган жердеги суу Ысык-Көлгө келип кошулат деп ойлойт. Жок, биринчи эле Нарын дарыясына кошулат. Мен күч менен басып алууга каршымын. Себеби, тополоң чыгып, кимдир бирөө уулуу калдыктар сакталган жайды ачып жиберсе, Нарын дарыясы менен Кыргызстанды кыдырып, Казакстанга чейин жетип, эл аралык жаңжалга алып келет. Кудай анын бетин нары кылсын. Макул, мурунку бийлик жаман экен. 10 жылдан бери эмне үчүн рекультивациялык фондду Кыргызстанга алып келип койбойт. Азыр да Англияда турат. Канадалыктар басып кете берсе, биз аңгек-дөңгөк менен калабызбы.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: