Menu

Майлуу-Сууда коронавируска анализ тапшырган адам жыйынттыгын күтпөй Кочкор-Атага кетип калган. Андан вирустун белгилери табылды

Бөлүшүү:

Майлуу-Суу шаарынын тургуну үй карантинин бузуп, Кочкор-Ата шаарына барган. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Кочкор-Ата шаарынын мэри Алтынбек Жумаев билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жаран 2-апрелде Кант шаарынан Майлуу-Суу шаарына келген.

Анын айтымында, ал Кочкор-Атага келип, коомдук жайларды, базарды кыдырган. Кийинчерээк ал аймактык ооруканага барган – шектенүүлөрдөн улам, хирургия жана терапия бөлүмүнүн 19 медициналык кызматкери, ошондой эле 9 бейтап изоляцияга алынган.

Ал эми аны менен байланышта болгон жарандар үй карантинге киргизилген.

Мындан тышкары, эки милиция кызматкери жана бир медициналык кызматкер обсервацияга жаткырылган. Кочкор-Ата шаарында жаран эки күн турган. Биринчи күнү ал эжесинин үйүндө болгон. Эжеси менен күйөөсүнүн ортосунда түшүнбөстүк болгондуктан, ал аны менен милиция бөлүмүнө барган. Андан кийин алар ооруканага келишкен.

«Бул жарандын биринчи тапшырган анализи коронавирус жок экенин көрсөткөн. Кайра 12 күндөн кийин экинчи жолу анализ тапшырган. Ал анализдин жыйынттыгын күтпөй биздин шаарга келе берген. Экинчи тапшырган анализинин жыйынттыгы коронавирус бар экенин көрсөткөн. Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери жаранды Майлуу-Суу шаарына алып кетишти. Мындан ары COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу үчүн чараларды көрүп жатабыз ”, – деди мэр.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда коронавирустун 105 учуру катталган. Анын ичинде Сузак районунда 82, Ала-Бука районунда 13, Жалал-Абад шаарында 7, Аксы районунда 2, Кара-Көл шаарында 1 адам катталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Майлуу-Суу шаарында коронавирус илдети тастыкталган учурлар катталган жок.

Майлуу-Суу шаарында коронавируска анализ тапшырган адам анын жыйынттыгын күтпөй Кочкор-Ата шаарына кетип калган. Андан вирустун белгилери табылган

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: