Menu

Анжиянда мектептер окуучулардын эсебинен жылытылууда

Бөлүшүү:

Анжиян облусунун айрым мектептеринде жаратылыш газы өчүрүлүп, көмүр жана отун жагышууда.

Көмүр жана отун алып келе албаган окуучулардан 20 миң сум (2,5 доллардын тегереги) чогултушууда. Мектеп администрациясынын талабын аткарбаган ата-энелерге директор кысым көрсөтүүдө.

Анжиян тургуну Зохидхондун айтымында, мектепте үч баласы окуйт. Директор алардын ар бирине бир кап көмүр же отун алып келүүнү, болбосо акча берүүнү сураган. Талапты аткарбаган окуучуларды класста уяткарышууда.

– Мектепте үч балам окуйт. Ай сайын мектепке үч кап отун же 60 миң сум алып барып беришим керек. Эгер бул талапты аткарбасам балдарымды классташтарынын алдында уяткарышат экен. Жергиликтүү администрация эмне себептен мектептерге көңүл бөлбөйт? Качанкыга чейин мектеп чыгымдарын төлөп жүрө беребиз? – деп даттанды ал.

Мектеп кызматкерлери окуучулардан отун чогултулуп жатканын четке кагышкан жок. Бирок алар мажбурлоо жок экенин, колунда бар үй-бүлөлөрдөн гана жардам сурап жатышканын билдиришти.

– Балдар суук класстарда отурбасын деп жатабыз. Окуучулардын ата-энелери эч кандай доомат коюшкан жок. Кышты өткөрүү үчүн ушундай кадамга барууга аргасызбыз, – деди анжияндык директорлордун бири.

Анжиян облусунун администрациясынын башчысынын жардамчысы бул маалыматты четке кагып, газ бардык мектептерге берилип жатканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: