Menu

“Coca-Cola” Түркмөнстандагы өндүрүшүн токтотту

Бөлүшүү:

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары кабарлашкандай, “Coca-Cola Türkmenistan” компаниясы өндүрүшүн убактылуу токтотуп, калган кызматкерлерин жумуштан кетирди.

“Coca-Cola Turkmenistan” ишканасына ээлик кылган түркиялык “Coca-Cola İçecek” компаниясынан алар Түркмөнстандагы ишмердүүлүгүн токтобой тургандыктарын билдиришти.

“Компаниянын Түркмөнстандагы иши тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Биз бул өлкөдөгү ишибизди улантып жатабыз. “Coca-Cola İçecek Turkmenistan” компаниясы сатыкка чыгып жаткан газсыз жана газдалган суусундуктарды өндүрөт. Ашхабаддагы фирмабызда 300 киши иштеп жатат”, – деп жазылган компаниянын расмий билдирүүсүндө.

5-декабрда “Coca-Cola İçecek” компаниясынын өкүлү Александра Аккирман Түрмөнстанда валюта алмаштыруудагы кыйынчылыктардан улам өлкөдөгү компания кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын, буга байланыштуу “Coca-cola” суусундуктарын өндүрүү убактылуу токтотулганын билдирген. Бирок ал кызматкерлерди жумуштан кетирүү тууралуу маалыматтарга ээ эмес экенин кошумчалаган.

Ноябрда Түркмөнстанда “Coca-cola” суусундугунун бардык түрү 2-3 эсеге кымбаттап, айрымдары дүкөндөргө чыкпай калган. Учурда Ашхабаддагы ири супермаркеттерде “Coca-cola” сатыкта жок экени айтылууда.

Быйыл “Coca-Cola Türkmenistan” компаниясы Уруш искусстволору боюнча жабык имараттардагы V Азия оюндарына расмий демөөрчүлүк кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: