Menu

Баткен казыятында аймактагы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, көйгөйлүү маселелер талкууланды

Бөлүшүү:

Баткен казыятынын жыйындар залында район, шаарлардын баш имамдарына жана медресе мүдүрлөрүнө облус казысы Муса ажы Жолдошов, казыят кызматкерлеринин катышуусунда  жыйын өтүп, анда диний көйгөйлөр талкууланды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында аймакта аткарылып жаткан диний иш аракеттерди  коомчулукка жеткирүү жана дин баалуулуктарын массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтуу, мечитердин, дааратканлардын тазалыгы жана башка көйгөйлүү маселелер каралды.

Облус казысы Муса ажы Жолдошов коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алууда, элди ынтымак, биримдикке үндөдөө, тарбия, адеп-ахлак жана дин баалуулуктарын жайылтууда массалык маалымат каражаттарынын орду чоң экендигин айтып, дин кызматкерлерине бул тармакта активдүү иш алып баруу тапшырмасын берди.

“Динибиз тазалыктын дини, ошондуктан биз мечиттерди, дааратканаларды таза кармашыбыз  зарыл”- деди облус казысы Муса ажы Жолдошов.

Жыйын жүрүшүндө район, шаарлардын баш имамдарынын, медресе мүдүрлөрдүн  бир канча сунуш пикирлери айтылып, жыйында көтөрүлгөн массалык маалымат каражаттары тыгыз иш алып барууга жалпы аймактагы имамдарды, медресе кызматкерлерин, ошондой эле аялдар борборлорун тартуу керек экендиги баса белгиленди. Катышучулардын ар биринин сунуш, пикирлери эске алынып, жыйын жыйынтыгында барын канаттандырган чечимдер кабыл алынды.Ал эми чечимдин аткарылышын көзөмөлдөп туру жана тапшырманы аткарбаган кызматкерлердин жоопкерчиликгин карап чыгуу казынын орун басары Нурдин ажы Мамасабировко жүктөлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: