7-декабрь күнү белгисиз кишилер ашхабаддык активист Галина Кучеренконун үйүнө кирип, аны кызы Валерия менен чогуу алып кетишкени кабарланууда.
«Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» кабарлагандай, күндүн экинчи жарымында Валерия Кучаренко бошотулган, бирок Галина Кучеренконун кайда экени беймаалым.
Белгисиз кишилер эшикти бузуп кирип жатканда Галина Кучеренко окуя тууралуу укук коргоочу Наталья Шабунцка кабарлоого үлгүргөн.
Шабунц бул тууралуу дароо БУУнун адам укуктары боюнча аймактык борборуна кайрылган. Полиция бул окуяга тиешеси жок экенин билдирүүдө. Кучеренко жана анын кызынын телефону өчүрүлгөн.
Галина Кучеренкону буга чейин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү социалдык түйүндөрдөгү сын-пикирлери үчүн бир нече жолу опузалашкан. Ал Түркмөнстанда үй жаныбарларын жапырт түрдө кырууга каршы чыгып келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ