Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Руслан Казакбаев жеке менчикке өтүп кеткен сугат жана жайыт жерлерден канча салык түшүп жатканы боюнча суроо узатты.
“Советтер союзу убагында мамлекеттин эсебинде канча сугат жер жана жайыт бар эле. Союз таркагандан кийин азыркы учурда канчасы калды жана жеке менчикке өтүп кетти. Жеке менчикке өткөн сугат, жайыт жерлеринен канча салык түшүп турат?”.
Айыл-чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевдин айтымы боюнча, бүгүнкү күндө 9 миллион 5777 гектар жайыт жерлер бар.
“Бүгүнкү күндө 1 миллион 219 миңди айдоо жерлерине пайдаланып жатабыз. Салык боюнча маалыматты сизге жазуу түрүндө беребиз”, – деп билдирди Чодуев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ