Menu

Кыргыз-казак чек арасындагы тигилген чатырлар чечилип алынды

Бөлүшүү:

Кыргыз-Казак мамлекеттик чек араларындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги түзүлгөн кырдаалды, ошондой эле аба ырайынын суук болушун эске алып жана Кыргыз Өкмөтүнүн тапшырмасынын негизинде 2017-жылдын 11-октябрынан баштап Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан чек ара аркылуу өткөн адамдарды чатыр, ысык тамак-аш жана жылуулук менен камсыз кылуу иш-чаралары уюштурулган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

“Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетине 3 даана 30 орундуу чатыр, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетине 5 даана 10 орундуу чатыр, “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө бекетине 3 даана 10 орундуу чатыр, “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө бекетине 6 даана 10 орундуу чатырлар тигилген. Жалпы 17 даана чатыр орнотулуп, жылытуучу печкалар, ичүүчү суу, биоажатканалар менен камсыз кылынган.

Мындан сыркары, 2017-жылдын 8-ноябрынан тартып “Чоң-Капка”, “Ак-Тилек”, “Чалдовар”, “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде жолдо кезек күтүп турган жүргүнчүлөрдү тамактандыруучу пунктар уюштурулган. Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан бөлүнгөн акча каражатына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан 38 күн оор жүк ташуучу унаалары менен кезек күтүп турган айдоочуларга ысык тамак-аштар таркатылып турулду. Күнүнө орточо эсеп менен 500-600 адам ысык тамак-аш менен камсыз болгон.

Ошондой эле, “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетинде Талас облусундагы жергиликтүү бийлик тарабынан ысык тамак-аш уюштурулуп, жолдо кезек күтүп турган айдоочуларга таркатылып берилген.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек араларындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги кырдаалдын жоюлгандыгына байланыштуу, 2017-жыдын 4-декабры күнү КР ӨКМ тарабынан чекара көзөмөл-өткөрмө бекеттерине тигилген чатырлар жана жылытуучу мештер жыйналып, кайтарылып кампага алып келинген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: