Бүгүн, 5-майга карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 8, Нарын облусунда – 5.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 843га жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 123 адам;
– Ош облусунда — 169 адам;
– Ош шаарында — 113 адам;
– Бишкекте — 239 адам;
– Нарын облусунда — 103 адам;
– Чүй облусунда — 72 адам;
– Баткен облусунда — 14 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 10 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ