Menu

Фото – ИИМ 2019-жылдын ичиндеги ишмердүүлүгүн жыйынтыктады

Бөлүшүү:

30-31-январда КРнын ИИМде ички иштер органдарынын 2019-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Коллегияга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана райондук шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жыйындын негизги темасы катары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын өткөн жыл ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгаруу каралды. Андан сырткары, Тергөө кызматы менен Жоруктар жөнүндө иштери боюнча башкармалыгынын ишиндеги маселелер жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактооунун  абалы жана жарандардын укуктары менен кооопсуздугун сактоо багытындагы негизги маселелер талкууга алынды . 

Коллегиянын негизги бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев: Өлкөдө тынчтык жана тартип болмоюнча бир дагы реформаны жана программаны турмушка ашыруу мүмкүн эмес. Укук тартиби планында 2019-жылы жеңил эмес жылдардан болду. Сот-укуктук реформанын алкагында бир нече жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө кирип, «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы ийгиликтүү жүзөгө ашырылды, патрулдук милиция башкармалыгы түзүлдү. Былтыр катталган кылмыштардын 87% бетин ачуу үчүн ички иштер органдарына берилген», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.  Өкмөт башчы иштеги айрым кемчиликтерге карабастан, акыркы учурда жарандардын милицияга болгон ишениминин деңгээли жогорулап жатканын белгиледи.  «Статистика комитетинин маалыматы боюнча, ички иштер органдарына ишеним көрсөткүчү экинчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 13,5тен 23 баллга чейин жогорулаган. Бул жакшы көрсөткүч. Албетте, жакшыруу ачык көрүнүп турат, бирок чече турган маселелер али да бар», – деди Премьер-министр. 

Ошону менен бирге Мухаммедкалый Абылгазиев милицияда иштөөнү каалоочуларды өтө тыкыр тандоо зарылдыгына көңүл бурдурду. «Жеке курам менен дайыма иш жүргүзүлүшү керек, анткени айрым милиция кызматкерлери мыйзам чегинен чыгышат. 2019-жылы милиция кызматкерлерине карата – 63 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде 27 коррупция фактысы, 22 кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, 2 алдамчылык фактысы бар. Силер мыйзам бузгандардын тизмесине түшпөй, жарандарыбыз үчүн үлгү болушуңар керек. Мамлекет милиция кызматкерлерин социалдык колдоону камсыздоо, айлык акысын жогорулатуу жана турак жай куруу боюнча күч-аракетин жумшап жатат. Силердин көбүңөр мамлекеттин жана коомдун алдындагы милдетиңерди ак ниет жана чынчыл аткарууга умтуларыңарга мен ишенем. Бирок өздөрүнүн жүрүм-туруму менен карапайым элдин милицияга болгон ишениминен чыккан кызматкерлер дагы жок эмес. Биз мындай учурларды болушунча азайтууга тийишпиз, ал эми абийирсиз кызматкерлерден тазалануубуз керек», – деп Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сөзүн жыйынтыктады. 

Коллегияда биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков өз баяндамасында,  ички иштер органдарынын 2019-жыл ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерди белгиледи. Ал негизинен эки бөлүктөн турган  ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү жалпы жеткишкендиктер, орун алган кемчиликтер жана коюлган тапшырмалардын сапаттуу аткарылышы боюнча баяндама жасады.

2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жөнүндөгү Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгынын алкагында ИИМ тарабынан тиешелү иш мерчемдер түзүлүп жыйынтыгында реформа, соттук- укуктук реформа, эл аралык кызматташтык багытында ийгиликтер бар экендигин баса белгиледи министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков.

Ал өз сөзүндө: 2019-жылдын 1-январынан баштап баардык ички иштер органдарында “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” жана “Бузуулардын бирдиктүү реестри” тутумдары ишке киргизилди.  Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Башкы прокуратура жооптуу болуп эсептелип, баардык ички иштер органдарына тутум киргизилген (105 точкага) ал эми Бузуулардын бирдиктүү реестрине Ички иштер министрлиги жооптуу болуп, жер-жердеги ар бир райондук ички иштер бөлүмдөрүнө тутумдар орнотулуп (135 точкага) жалпы 28 министрлик жана ведомстволор бузуулардын бирдиктүү тутумдарына туташтырылган.   

Өлкөнү санариптештирүү иш-чарасынын алкагында, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр ачылып, ишке киргизилгендигин белгиледи. Ошондой эле “Бирдиктүү терезелерди” сентябрь айынан баштап, 4 шаардык, 12 райондук аймактарда (Токмок, Кара-Көл. Балыкчы, Кызыл Кыя шаарларында, Жайыл, Ала-Бука, Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Кадамжай,  Токтогул, Лейлек, Кочкор, Ак Талаа, Ысык-Көл, Кара-Буура райондорунда) ишке киргизилди.

2019-жылдын 4-мартынан баштап, Бишкек шаарында (42) жана Чүй облусунун (68) аймактарында 110 аппараттык-программалык комплекстер ишке киргизилип, “Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштады. 2019-жылдын февраль айында, Бишкек шаарында “Мониторинг борбору” ачылып, ишке киргизилди

“Командалык борбор” аталыштагы санариптешкен борбор түзүлдү. Борбордун негизги милдети, кылмыш болгон жерге кызматкерлерди ыкчам чыгаруу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө координация жүргүзүү болуп эсептелет. Адамды таануу жөндөмдүүлүгү бар 60 даана видео-камера жана аны иштетүүчү сервердик аппараттар менен санарип каражаттары орнотулду. Бул каражаттар аркылуу кылмыштын бетин ачуу, коопсуздукту камсыздоо багытында шарттар түзүлдү. Адамды таануу жөндөмдүүлүгү бар 60 даана видео-камера жана аны иштетүүчү сервердик аппараттар менен санарип каражаттары орнотулду. Бул каражаттар аркылуу кылмыштын бетин ачуу, коопсуздукту камсыздоо багытында шарттар түзүлдү.

“Коопсуз шаар” долбоорун өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу менен, коопсуз көчө, коопсуз район аталыштагы баскычтарга жетүү үчүн Бишкек шаарынын 6-кичи районунда “Коопсуз район” долбоорун ишке киргизип, ал районго 72 даана видео-камералар орнотулуп, ишке киргизилди. 

Өлкөгө келген туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында, Бишкек, Ош шаарларында, Ысык-Көл жана Ош облустарында жалпы 126 кызматкерден турган “Туристтик милиция” взводдору түзүлдү

Жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын айрым беренелерине өзгөртүү, толуктоо иштерин киргизүү менен ишмердикти жакшыртуу үчүн 78 ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыккан. Баардыгы болуп, 148 беренеге өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө Өкмөттүн Аппаратына жөнөтүлдү. Анын ичинде негизгилери Жазык Кодексине, Жазык процесстик Кодексине, Жоруктар жөнүндө Кодексине, Жазык аткаруу Кодексине, Пробация жөнүндө мыйзамына.

2019-жылдын 25-июлунда 102 сандуу “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган. 2020-жылдын 1-январынан баштап кызматкерлердин айлык маянасы 40% жогорулатылды (буга чейин бир кызматкердин айлык маянасы орточо эсеп менен 11 миң сомду түзсө, жогорулагандан кийин 19 миң сомду түзөт). Убактылуу батирде турган кызматкерлерге компенсация төлөнөт, эгерде кызматкер Бишкек шаарында батирде турса 9 миң сом, ал эми региондо батирде турса 7 миң 500 сом төлөнөт. 2020-жылдын 3-февралынан баштап, ички иштер органдарына кызматка кирип жаткандар жана кызмат өтөп жаткан кызматкерлер менен контракт түзүлөт. 

Буга чейин республика боюнча 24 “Милициянын көчмө кабылдамалары” иштеп келген болсо, 2019-жылы айыл кыштактарда жашаган жошоочуларга шарт түзүү максатында, кошумча 6 даана микро-автобустар ишке кирип. Азыркы учурда, жалпы 30 “Көчмө кабылдамалар” иш алып барууда,- деди  Сүйүн Өмүрзаков. 

Ал эми коомдук тартип сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө 2020-жылы соттук-укуктук реформаны улантуу, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо менен кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү жакшыртуу багыттарында бир катар чаралар белгиленди. 

2019-жылдын 12 айында республикадагы укук коргоо органдары тарабынан жалпы 163 миң 549 кылмыштар жана жоруктар катталган. Анын ичинде, 87 миң 374 кылмыш. Алардын ичинен, ички иштер органдарына 78 миң 405 кылмыш катталып, жалпы катталган кылмыштардын 89,7% түзгөн, аны менен бирге ички иштер органдарына 75 миң 253 жоруктар катталып, жалпы катталган жоруктардын 98,7% түзгөн. Кылмыштардын жана жоруктардын көп катталгандыгына эки себеби болду. Биринчиси, 2019-жылдын 1-январынан баштап, жаңы кодекстердин негизинде кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү каттоого алынып, ар бирине юридикалык баа берилип, туура чечим кабыл алуу белгиленген. Экинчиси, ички иштер органдары тарабынан жарандардын арыз-билдирүүлөрүн жаап-жашыруулар жоюлуп, кылмыштын же жоруктун түрүнө карабастан каттоого алуу жөнгө салынды.

Ошондой эле Статистика комитетинин маалыматы боюнча, ички иштер органдарына ишеним көрсөткүчү экинчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 13,5тен 23 баллга чейин жогорулаган. Күч түзүмдөрүнүн арасынан, Ички иштер министрлиги элдин ишеними боюнча биринчи орунга чыккандыгын  белгиледи,- министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков.     

Коллегияда ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев 2019-жылдын 12 айынын ичинде ички иштер органдарынын баардык күч-аракети коомдук тартипти бекемдөө, кылмыштуу аракеттерден жарандарды коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекет тарабынан жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга жумшалганын белгиледи. Бул коллегияда баардык маселелер менен жаралган көйгөйлөрдү ачык талкуулоо зарыл анткени биз кемчиликтерди ачык айтып жана аны жоюунун багыттарын белгилеп, начар иштеген жетекчилерге чара көрүшүбүз зарыл. Иштин козун билбеген жетекчилер кетип, мыкты иштеген кесипкөй кызматкерлер келиши зарыл деди, министр мырза.

Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Джунушалиев ачылбай калган резонанстуу кылмыштар боюнча ыкчам-тергөө иштерди күчөтүү керектигин айтып,  кылмышкерлерди издөө жана кармоо боюнча зарыл болгон иш-чараларды уюштуруу, кылмыш иштерин сапаттуу, калыс жана ар тараптуу иликтөө, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди күчөтүү, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн бардык багыттары боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү   боюнча да кошумча тапшырмаларды берди.   

Биз – коомдун, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун мамлекеттик тутумун жогорулатууга тийишпиз. Ошондой эле ички иштер органдарына болгон элдин ишенимин жогоруулатуу эң башкы максаттардын бири. Милиция кызматкерлери элдин алдында кесипкөйлүүлүк жана адамкерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болушу керек. Милиция кызматкеринин ишмердүүлүгү  жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо менен бирге адамдар менен мыйзам чегинде мамиле куруу принциптери менен иш алып барат”,-деди Кашкар Джунушалиев.

Ошол эле убакта Кашкар Джунушалиев, кылмыштуулукту алдын алууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштардын бетин ачууда, үй бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алууда, тергөө жана жоруктар боюнча иштердин тергелишинде, жол коопсуздугун камсыз кылууда, криминалдык милиция кызматынын кылмыш бетин ачуудагы кемчиликтери жана алдын алуу иштери начар жүргүзүлүп жаткандыгын айтып ички иштер органдарынын жер-жерлердеги милициянын башчылары тарабынан кемчиликтер бар экендигине байланыштуу кескин сын айтты. Коллегиянын жүрүшүндө ачылбай калган кылмыштар боюнча катуу сын-пикирлер айтылып, ал кылмыштардын бардыгын ачуу боюнча да кошумча тапшырмалар берилди. Айрыкча баңгибизнеске каршы күрөшүүдөгү, экстремизмге-терроризмге каршы күрөшүү багытында баардык кемчиликтер да айтылып, аны чечүүүнүн жолдору да белгиленди.

Коллегияда ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштери боюнча башкармалыгынын, тергөө кызматынын, ички илктөөлөр кызматынын, Криминалдык милиция кызматынын, Экстремизмге  жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, ИИМдин Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын, Коомдук коопсуздук кызматынын,  Бишкек, Чүй, Ысык Көл, Нарын, Талас, Баткен областтык ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, ИИМдин региондор аралык башкармалыктарынын коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердүүлүгү толугу менен катуу электен өткөрүлдү. Ошондой эле Чүй, Жайыл, Тоң, Жети Өгүз жана бир катар райондук ички иштер органдарынын иштериндеги кемчиликтер баса белгиленип, аны кыска мөөнөттө жоюунун багыттарын белгиледи.

Коллегиянын жыйынтыгы менен отуздан ашуун жетекчилерге эскертүүлөр жана тартип жазалары берилип, биринчи чейректин жыйынтыгы алардын ишмердүүлүгү карала тургандыгы баса белгиленди.  Ошондой эле коллегиянын чечими менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү негизги багыттарда кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарбагандыгы, алдын алуу иштерин уюштура албагандыктары үчүн  

– ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги М.Бопушев, 

– Түп РИИБнын башчысы, милициянын полковниги Д.Исаков

– Джети-Өгүз РИИБнын башчысы, милициянын полковниги Т.Исаев ,

– Чүй РИИББнын башчысы, милициянын подполковниги    Ч.Шаршеналиев , 

– ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Талас областы боюнча бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги У.Самудинов ээлеген ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду.

Ошондой эле 

– ИИМдин Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын, 

– ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын, 

– ИИМдин жоруктар менен иштөө башкармалыгынын, ИИМдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын, 

 – Токмок ШИИБнын,

– Бишкек ШИИББнын кайгуул милиция кызматынын,

– Ысык Көл областтык ички иштер башкармалыгынын,

– Ош шаардык жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн, ИИМдин Ысык Көл-Нарын областарындагы бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын,

– Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынын ишмердүүлүктөрүн

– 2020-жылдын биринчи чейреги менен өткөрүлүүчү коллегияда кайрадан карап жана коомдук тартипти сактоодогу  ийгиликтери менен кемчиликтери талданып баа берилмекчи.

Бүгүнкү коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгын белгиленди. Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн, – деп баса белгиледи Кашкар Джунушалиев, коллегияны жыйынтыктап жатып.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: