Menu

Трамп АКШ дипломаттарын кыскарткандыгы үчүн Путинге ыраазычылык билдирди

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү кызматкерлердин санын кыскартуу чечими үчүн орус президенти Владимир Путинге ыраазычылык билдирди. Трамптын айтымында, кызматкерлердин кыскартуу менен Путин чыгымдарды кескин кыскартууга шарт түзүүдө.

Бул Кремлдин АКШга контрсанкцияларды киргизүү чечими боюнча Трамптын алгачкы билдирүүсү болду.

АКШ президенти мындай пикирин былтыркы шайлоо өнөктүгү маалында Орусия менен Трамптын штабынын ыктымал байланыштары иликтенип жаткан маалда айтты. Ал буга чейин штабынын мурдагы башчысынын үйүндө ФБРдин тинтүү жүргүзгөнүнө таң калуусун билдирген.

Президент менен маектешкен журналисттер Путиндин дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөгү кызматкерлерди кыскартуу чечими мамлекеттик каражатты үнөмдөөгө жардам берери боюнча Трамптын тамашалаганы же чынын айтканы түшүнүксүз болуп калганын айтышты.

“Мен ага ыраазычылык билдиргим келет, анткени азыр биз кызматкерлер үчүн кеткен чыгымдарды азайтууга аракет кылып жатабыз. Алар кайрадан барышпайт. Биз көп акча үнөмдөйбүз, – деди Трамп.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: