Кечээ Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулмак. Жыйын эртең менен саат 9га белгиленгени менен депутаттар саякаттап кетишкенби же келгилери келген жокпу, айтор кворум жок болуп, 3 саат аралыгында да башталган жок. Карала турган маселеде мандем барбы же дагы башка себеби барбы айтор кворум жок, жыйынга келген бир ууч депутаттар ай караган текедей болуп олтурушту. Акырында чыдабай кетиштиби же кворум жок болсо деле баштай берели деппи, айтор кезексиз жыйын өткөрүштү.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ