Menu

Кубатбек Байболов, экс-генпрокурор: “2010-жылдагы Конституция бийликти күч менен басып алуунун таасири астында кабыл алынгандыктан Кыргызстанды туюкка алып келди”

Бөлүшүү:

“Биз Конституцияны, мыйзамдарды дайыма мамлекетибиз кайсы бир кысталышка такалганда кабыл алгандыктан  анын арты жаман бүтүп жатат. 2010-жылы бийликти күч менен басып алуудан кийин биз Конституцияны өзгөртпөй коё туруп, кризистен чыккандан кийин шашылбай кабыл алышыбыз керек эле. Ошол учурда мен бул тууралу канча айтсам да укпай коюшту”, – деп билдирди бүгүн, 6-августта  Бишкекте өткөн “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына шайлоо” боюнча мыйзамдын долбоорун коомдук угуу учурунда экс-генпрокурор Кубатбек Байболов.

“2010-жылы мен бийликти күч менен басып алуудан кийин жаңы Конституцияны кабыл алууга шашпай туралы деп айтып жүрдүм. Угушпай коюшту. Элге конституцияны өзгөртүп, парламенттик системаны курабыз деп убадалашып жатты. Жаңы Конституция жазылып бүткөндө мен окуп чыгып “Мындай ыйгарым укуктары бар президент кандай парламент болбосун тебелеп кетет. Мындай ыйгарым укуктары бар Президент өлкөнү туюкка алып келет” деп эскертип жаттым. Мен айткандай эле болду – күчтөнүп алган президент депутаттарды коркутуп алып, өз билгенин жасады, өлкөнү туюкка алып келип такады. Ошондуктан өлкө кысталыш учурга кептелгенде шашып-бушуп Конституцияны өзгөртпөш керек. Конституцияны шашпай, акыл калчап, биз эңсеген чыныгы парламенттик система орногондой кылып өзгөртүш зарыл”, – деди Кубатбей Байболов.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: