Menu

КТРКнын гендиректору Илим Карыпбеков Нариман Түлеевди Атамбаев менен түшкөн селфи үчүн сындады

Бөлүшүү:

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевди экс-президент Алмазбек Атамбаев менен кечээ, 22-октябрда Бишкек-Москва каттамындагы учакта түшкөн сүрөтү үчүн сындады.

“Түшүнбөйм, жек көргөн адамың менен жылмайып сүрөткө түшүүнүн эмне кереги бар? Же азыр ошондой модабы, сүрөткө күлүп түшүп, артынан аны жамандаган,”- деп билдирген Илим Карыпбеков Твиттер баракчасында.

Айта кетсек, буга чейин Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаев менен түшкөн селфини социалдык түйүндөргө жарыялаган.

“Шоопур камалгандан кийин качууну чечсе керек. Учакта көбүнчөсү ал жөнүндө жаман нерселерди айтып жатса дагы укмаксан болуп коюп.  Мен ага ал жөнүндөгү оюмду, өлкөнү эмне кылганын айтайын десем дудук, керең кишидей болуп отурат,”- деп мурун жазган эле мурдагы калаа башчы.

Андан соң Түлеев экс-президент менен жолдош катары түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

 

Айта кетсек Алмазбек Атамбаев кечээ Орусияга учуп кеткен. КСДПнын катчылыгынан билдиргендей мурунку өлкө башчы жеңесинин тажыясына жана 24-27-октябрда өтүүчү Азиядагы саясий партиялардын Х башкы ассамблеясында катышат.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: