Menu

Түлеевдердин мүлкү адал, сааты чыкканда кайтарылат

Бөлүшүү:

Бишкектин чок ортосунда заманбап стилдеги “ГУМ” ачылгандан баштап, аны таптаза мээнет менен элге тартуулаган Түлеевдердин үй-бүлөсүнө асылгандарга табылбай эле калды: алар кайрадан эски пластинкасын алып чыгып, бош калып калдыраган жугунду челектин түбүндө калганын куйганга аракет жасашууда. Тапкан аргументтери: Нариман Түлеев элден уурдап алган акчасына дагы да жыргап жүрөт…

Биз буга чейин да Нариман мырзанын атасы Ташболот Түлеевдин бейнесине кайрылган элек. Учурда бийлик сугун артып, “мамлекеттин пайдасына” деп түптүз рейдерчилик жол менен тартып алып жаткан мүлктөрдү Ташболот ата ак мээнети менен салган. Учурунда бул киши абдан мээнеткеч, иштерман болгондугун азыркыга чейин айтып жүрүшпөйбү. Мисалы, биринчи рейдерлик чабуулга дуушар болгон “Сапат” бизнес борбору 2006-жылы, тагыраак айтканда, Нариман Түлеев мэр боло элек мезгилде, анын атасы, Ташболот аксакал тарабынан курулган. Ооба, мындан бир нече жыл мурун экс-мэр Нариман Түлеевге кылмыш иши козголуп, абакка олтургузулган. Мунун баары саясий куугунтук болгону өз учуру келгенде ачыкка чыгат. Ошого карабастан, Түлеев мыйзамды сыйлаган адам катары, бийликтин көзүн караган соттору чектеген миллиондогон айып пулдарын төлөп берген болчу. Ал эми сот чечиминде Наримандын туугандарынын жана аны менен жакшы санаалаш болуп жүргөн адамдардын ээлеген мүлктөрүн, алардын үйлөрүн, батирлерин, айдоо жерлерин жана ар түрлүү имараттарын “конфискациялоо” тууралуу ныпым да сөз жок. Бирок, бүгүн Нариман Түлеевдин ишине эч кандай тиешеси жок болсо дагы анын балдарынын, туугандарынын, жакындарынын, керек болсо, ата-энесинин үй-жайларынан бери тизмеге кошуп алышып, учурда конфискация жолу менен тартып алуу операциясы катуу жүрүүдө. Ошонун шарданынан да, атайын Н.Түлеевге каршы маалыматтык чабуул жасашып, заңгыраган ГУМду да “элден уурдаган акчага Нариман салып алды”- дешүүдө. Эй, жугундукорлор, эсиңерде болсо эске сала кетели, бул ГУМдун курулушу качан башталып, качан бүттү эле? Же ал учурда Нариман Түлеев бийликтин куугунтугунан түрмөдө олтурганын унутуп калдыңар беле? ГУМ атасынын баштаган иши. Ташболот ата өтүп кеткен соң, Наримандын бир туугандары баштаган ишти таштабай улантып, бүтүштү. “Мен үй-бүлөлүк иштерден оолак калып, керек болсо кеңеш да бере албаганыма карабастан, алар ындыны өчүп олтуруп калбаптыр. Аларга, бизнеске болгон басымга жеңилбестен, башты көтөрүп, иш кылышты. Бул оңой иш болгон жок, анткени банктар кредит бербей, өнөктөштөр оңой менен сүйлөшүүгө барышпады. Ошого карабастан, чыдамкайлык, ак мээнет менен сырттан, ичибизден инвестиция таап, элге заманбап соода борборун белек кылышты. Мен алар менен сыймыктанам. Эң башкысы, биз, бир туугандар капиталыбызды сыртка чыгарып кетүүнү ойлогон жокпуз. Аны Мекенибиз үчүн гана жумшоо башкы багытыбыз болчу”,- деп Нариман Түлеев өзү да айтып жүрөт. Мындан кийин Түлеевдер балдар үчүн мектеп, бала бакчаларды ачышарын жар салышты. Башкача айтканда, мамлекет жасабаган жумушту да жасоо ниеттери бар.

Нариман Түлеев: “Караван”, “Сапат-центр”, “Караван-запад” менин маркум атам Ташболот Түлеевге таандык. Бир дагы соттун чечиминде “Ташболот Түлеевдин мүлктөрү мамлекетке алынсын” деген жери жок. Соттун чечимин көрсөткүлө десем, эч ким көрсөтө албай жатат. Эл аралык сотко кайрылууга шашпайбыз. 1-2 жыл күтүп туралы. Ким билет бүгүн күн тийбесе, эртең тиер. Кайда шашабыз. “Бирөө жамандык кылса, жакшылык менен жооп бер” деген сөз бар. Мен ишенем, азыркы болуп жаткан иштер жакшы жагына чечилерине”,- дейт.

Эмне дейбиз, кыргыздын ар дайым кайталанып айтылып жүргөн жакшы сөзү бар: “ак ийилет, бирок сынбайт”- деген. Ошол сыңары, Нариман Түлеевдин да ишин эл өзү баалап алат. Мисалы, азыр: “Нариман салган жолдор жаңысындай турат, кийинкилер салган жолдор талкаланып бүттү”- деп көп айтышат. Убакыт баарын өз ордуна коёрун унутпагыла…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: