Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-мартта Ош шаардык кеңешке шайлоолордун жыйынтыгын чыгарууда. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча саат 22:00гө төмөнкүдөй жыйынтыктар жарыяланды:
– КСДП — 21 миң 844 добуш жыйнады
– «Кыргызстан» саясый партиясы – 11 миң 226 добуш алды
– «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясы – 8 миң 487 добуш
– «Республика Ата-Журт» саясый партиясы – 6 миң 947 добуш
– «Бир Бол» саясый партиясы – 6 миң 77 добуш
– «Өнүгүү-Прогресс» саясый партиясы – 5 миң 768 добуш
– «Демократ» саясый партиясы – 3 миң 705 добуш
– «Ата Мекен» саясый партиясы – 2 миң 589 добуш
– «Ата-Журт» саясый партиясы – 2 миң 125 добуш
– «Эмгек» саясый партиясы – 665 добуш
– «Күч биримдикте» саясый партиясы – 351 добуш
– «Кыргызстандын Коммунисттик партиясы” – 278 добуш
– «Аалам» саясый партиясы – 257 добуш
Добуштарды эсептөө уланууда.
Расмий маалыматтар боюнча Ош шаарындагы бүгүнкү шайлоого 117 миң 752 шайлоочунун 70 миң 652 шайлоочусу гана келип добуш беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ