Menu

Кайып Шери, Апрель Баатыры: “Бийликтин карасанатай жүзүн көрүп, мекендин кызыкчылыгында оппозицияны колдоону чечтим”

Бөлүшүү:

-Сиз жаздын алды менен бийликти сындап, өтө катуу билдирүүлөрдү жасап алып, анан тынчып олтуруп калдыңыз. Элдин баары сизди эмне болду деп сурап жатышат?
– Журналисттер көп кайрыла башташты, “бийлик минтип атат, антип атат” деп. Анан УКМК да кийлигишип жатканын укканда чыдабадым. Эл баарын билип эле турат. Эч ким унчукпаса эле, эч ким билбейт деп, ар кимди эле баса кала берсе болобу деген тейде, бир аз ачык сөздү айтып койгом. Себеби, мен журналисттер менен тыгыз иштешем. Коомдогу көйгөйлөрдү ачык айтып турам. Анан жанагы кургурлар менин дос-журналисттериме да тийишип, оорукчал кылып, инвалид кылганга чейин барып жатканда, айтат экенсиңда.
-Билдирүүдөн кийин эмне болду. Сизди издеп, кармайбыз деген аракеттер болдубу?
-Жок. Мен эми анчалык деле чоң нерселерди, же бир сыр айткан жокмун да. Бирок, угушума караганда анча-мынча кызыгуу болгон окшойт.
– Сиз туура кылдыңыз дейсизби?
– Менимче, мен өтө туура кылдым. Кыргызстан демократиялык өлкө. Мына демократиялык коомду курабыз деп жатып, 7-апрелде канчалаган балдардын өмүрү кыйылды. Ошондуктан, биз бул жолу сак болушубуз керек. Бийликти ноктолоп, кармап туруш керек. Антпесе, бийлик бат элде Атамбаев аткандай «Ажыдаарга айланып кетет». Мага ошол билдирүүдөн кийин көп журналисттер, интеллигенция өкүлдөрү чалды. Алар да мени колдоп жатат. Ал гана эмес, көптөгөн бийликтин карасанатайлык иштери жөнүндө айтып берип жатышат. Көрсө, президенттин пресс-кызматы көпчүлүк ММКларды контролго алып турат экен. Мурдагы пресс-секретарлардан азыркы Алмаз Үсөновго чейин баары эле ММКларды контролдоп келет тура. КТРК А. Үсөновдун айтуусу менен иш алып барат экен. Гендиректор эч нерсе чечпейт дешет. Мисалы, КТРКда «Илим жана турмуш» деген бир көрсөтүү бар эле. Көптөн бери чыкпай калыптыр. Көрсө, аны А. Үсөнов менен Ф. Ниязовдор чыгарбай жатышыптыр.
А.Үсөновдү А. Сегизбаевдин кадры деп коюшат. Ал журналисттерди коркутуп, үшүн алып турат экен. Мисалы, бир журналист мага А. Усөнов аркылуу куугунтукталып келгенин, ал прокурорлорго да кожоюн болуп, аларды жиберип коркутканын. Кылмыш ишин ачтырам деп азабын чыгарганын айтып берди. Жанар Акаев деле КТРК, башка ММКларды баш көтөртпөй келиптир. Бирок, УКМК заказдарын аткарганы ачыкталып кетсе, бийлик куласа Жанар Акаевге өтө эле кыйын болуп калат көрүнөт.
-Саясий багытыңыз кандай болуп жатат, оппозицияда байкалбайсызго, кимдер мененсиз?
-Мен илгертен эле ата бабабыз туу туткан Кыргыз жолун үлгү тутам. Мекенчил, улутубуздун кызыкчылыгын жогору койгон инсандарды, саясатчыларды колдоп келем. Азыр да мекенчил прогрессивдүү жаштардын тобун колдойм.
-Сиз өткөндө Өмүрбек Суваналиев менен Алмаз Атамбаевдлин ортосундагы пикир келишпестиктердин себебин коомго ачык айтып салдыңыз. Эми эл кайрадан Өмүрбек Суваналиевди Каттани деп айтып калышты. Балким, А. Бекназаров менен А. Атамбаевдин ортосунда кандай кара мышык жүгүрүп кеткендигин да уккан-билгениниз бар чыгаар?
– Ой, өтө эле көп саясатчылардын чырын жана сырын билем. Бирок, анын баарын айтыш керекпи, аны билбейт экем. А. Бекназаров менен А. Атамбаев болбогон жерден таарынышып кетишкенин айтышат. 2010-жылы 7-апрелде биз жаштар бийликти алдык. Ошол маалда, А. Бекназаров өтө чечкиндүүлүк менен УО төрагалыкка Р. Отунбаеванын кандидатуурасын колдоп койгон экен деген сөз бар. Таарыныч сыры ушул болсо керек.
– Оппозицияны колдойсузбу?
– Оппозиция дайыма болуш керек. Оппозициясы жок, эл бийликтин зомбулугуна чыдай албай, өзү эле көтөрүлүп кетет экен да. Мына, 7-апрелди алалы. Оппозициянын лидерлерин камап салса деле, эл өзүнөн-өзү көтөрүлүп кетип жатат. Ошондуктан, оппозиция болуш керек. Бүгүнкү күндө жасакерлик күч алды. Саясатчылар уят-сыйыт дегенди билбей туруктуулукту көрсөтө албай калды. Бири бери секирет, бири ары секирет. Анан биз оппозиция туруктуу, бели бекем болсун деп, сүйөп-таяп коюшубуз керек болуп жатат. Бийликтин карасанатай жүзүн көрүп туруп, бекер үйгө жатканча, эптеп элдин жемин жедирбешке аракет кылат экенсиң.
Азыркы оппозицияга калоомду, ушул Аткачырбас «Боз айгыр» аттуу ырымда бергем, окуп коеюн.
Күн чыгаарын тозуучу.
Күн батаарын узатчуу.
Жанырган айга жүгүнчү
Дооруң кайда кыргызым!
Сак актап аманаттай
Айлана чөйрөнү да.
Аярлап күтүп келген
Кезиң кайда кыргызым!
Жон-жондоп жолду чалчу,
Жоо келсе алдын тосчу
«Бали» деп бата алчу
Чороң кайда кыргызым!
Айсыз түндү жарык кылган
Ата салтын үлгү кылган.
Ат качырбас «Боз Айгырын»
Качан келет кыргызым!
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: