Menu

Адина Нурмат кызы, спортчу: “Спорт менен дүйнөнү багындыргым келет”

Бөлүшүү:

Өткөн жуманын аягында Нурмат кызы Адина аттуу балбан кызыбыз бел боо күрөшү боюнча дүйнөлүк мелдеште коло медаль тагынды. Биринчи жолу дүйнөлүк рейтингдеги спортчулар менен күрөшүп, алтынга жетпей калганына өкүнүп калганын айтат. «Тажрыйбам гана жетишпей калды, буюрса кийинкиде алтын алганга аракет кылам»-деген Адина бүгүн биздин төрдө конок болду.

—Адина, спортко канча жашыңда келгенсиң?

—2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2-курста окуп жүргөндө, дене тарбия сабагынан Азамат Осмонбеков агай сабак берчү. Агайга спортко кызыгып жүргөнүмдү айтсам, «Бүгүн кечки саат алтыда залга кел»-деп чакырып калды. Ошол күнү кеч кирбей, саат алты болбой аябай күткөм. Ошол күндөн баштап Азамат агайдын колунда машыгып келем.

—Сени ушул деңгээлге жеткирген машыктыруучуң жөнүндө айта кетсең. Негизи спортчуларда биринчи, экинчи машыктыруучу деген болот экен. Сенде да экөөбү?

—Менде биринчи, экинчи деген машыктыруучум жок. Менин эң алгачкы жана ушул күнгө чейин өзүнүн ак эмгеги менен тарбиялаган, машыктырган агайым Азамат Аскербекович. Ал киши кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын жети жолку чемпиону жана ошондой эле эмгек сиңирген машыктыруучу. Эң негизгиси жөнөкөй, үлгү көрсөтө алган мыкты инсан.

—Кечээки мелдеште алтынга жетпей калууңа тажырыйбаң жетпей калдыбы же…

—Көрүнүп эле тургандай тажрыйба жетишпей калды. Себеби биринчи жолу дүйнөлүк мелдешке катмштым. Буюрса, бара-бара тажрыйба топтоп, алтынга жетсем деген изги тилегим бар.

—Кайсыл атаандашың сага оор болду?

—Атаандаштар жеңил болгон жок. Дегеним, ал жерге утам деген спортчулар барышты. Мен үчүн кооптуу жана жоопкерчиликтүү 3-орун үчүн болгон күрөш болду. Себеби, жок дегенде, коло медалды учурбай кармап калуу керек эле. Бактыга жараша коло медаль менен кайтып сүйүнүп жүрөм. Бул жеңиш машыктыруучумдун, Азамат агайдын, талыкпаган эмгегинин бир үзүрү болду. Келечекте опорт менен дүйнөнү багындыргым келет.

—Спорт – бул убактылуу нерсе да, келечекте кайсыл кесиптин ээси болосуң?

—Кудайга шүгүр, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университстинин биология факультетин аяктап, азыркы учурда Бишкек шаарындагы №20 кесиптик лицейде окутуучу болуп эмгектенип жатам.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: