31-декабрда, саат 20:00дө “Ала-Тоо” аянтында Жаңы жылдык концерт башталып, ал түн бир оокумда аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, ырчылардан аянтка Аяна Касымова, Иса Өмүркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Расул Маматкулов, Бактияр Токторов, Салтанат Аширова, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Омар, Арсен жана Марс Мамаев келип, ырдайт. Ошондой эле “Тазалык”, “Бишкек жарык” ишканаларынын миңден ашуун кызматкери иштеп, тез жардам менен өрт өчүрүү кызматтары нөөмөттө турат жана 20 даараткана коюлат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ