Дамир уулу, Маданит, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматынан кетип, туризм жана экономика багытын өзгөртүү, өнүктүрүү үчүн, “Республика” партиясы аркылуу шайлоого аттанат.
“Биз парламенттеги жагымсыз көрүнүштү түп-тамырынан бери өзгөртө аларыбызга ишенем. Мына ошол себептен улам, мен министрдин орун басары кызматын таштап, “Республика”партиясына келдим . Бул жерде команда өтө тажрыйбалуу адистерден чогулган, биз биргеликте реформаларды алга жылдыра алабыз. Мыйзамдарды өзгөртүү аркылуу туристтик секторго артыкчылык берип, максималдуу түрдө либералдаштырылат, туризм экспортко багытталган сектор катары табылат. Мен ИДПнын туристтик тармагынын бөлүгүн 10% чейин көтөрүү планымда бар, бул идея региондордо жумуш ордун түзуп бере алат жана миграция темпин токтотуп, кыргызстандыктардын иш-аракети өлкөнүн өнугүүсүнө багыттайт”-деп билдирди Максат Дамир уулу.
Максат Дамир уулу Ысык-Көл облусунда туулган, экономикалык билимди АКШдан алган, тажрыйбаны Япония, Германия шаарларынан жана башка көптөгөн эл аралык уюмдардан алган.
Ошондой эле, Кыргызстандын Агрардык университетинде Жаш активисттер клубун жетектеп, студенттик күндөрүнөн бери коррупция менен курөшүп баштаган.
2018-жылдан тарта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде, министрдин орун басары болуп эмгектенген. Эки жыл ичинде маркетингдик стратегияны кайра карап чыгуу жана өркүндөтүү, ошондой эле, Кыргыз туризмин эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн негизги рынокторду белгилөө мүмкүн болду (Европа, Араб өлкөлөру,Түштүк-Чыгыш Азия).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ