Menu

Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран Москвадан кармалды

Бөлүшүү:

Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран Москвадан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы Ч.Н. Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан 2019-жылдан бери издөөдө жүргөн.

“2015-жылы шектүү өзүнүн “Mercedes-Benz Sprinter” унаасын эки башка унаага алмаштырган. Ал унааны жаңы ээсине каттатып берем деп убада берип, качып кеткен. Көп өтпөй “Mercedes-Benz Sprinter” унаасы качып кеткен жаранга эмес жакын тууганына таандык экендиги белгилүү болгон. Ошондой эле, аталган спринтер насыялык компаниялардын биринде күрөө катары катталганы маалым болгон”,- деп айтылат билдирүүдө.

Келтирилген зыяндын суммасы 607 миң 900 сомдон ашкан. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү полиция менен биргеликте шектүүнү кармашкан. Учурда Ч.Н. Москва шаарынын СИЗОсунда экендиги маалымдалат. Аны Кыргыз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселеси чечилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: