Menu

Кундуз Жолдубаева аны УКМК жана ИИМ кызматкерлери аңдып жаткандыгын билдирди

Бөлүшүү:

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева аны УКМК жана ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери аңдып жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында кабарлады.

Анын айтымында, бүгүн ал Жалал-Абад облусуна ал жерде өтө турчу партиянын съездинин делегаттарынын тандалышы боюнча маалымат жыйынга келген.

«Менин артымдан чекисттердин унаасы келе жатканын көрдүм. Биздин делегаттарды такай текшерип, алардын жеке маалыматтарын алып турушат. Ал эми биз Таласта маалымат жыйын өткөрүп жатканыбыда, шаар башчысы келип, бизге жолтоо кылууга аракет кылган»,- деп эсептейт Кундуз Жолдубаева.

Кундуз Жолдубаеванын белгилөөсүндө, партия активисттери бул иш-аракеттерди Бишкек шаарында  6-апрельде өтө турчу партиянын съездин үзгүлтүккө учуратууга багытталган түздөн-түз басым катары баалашууда.

УКМКнын маалыматына караганда,  КСДПнын саясий кеңеши тарабынан айтылган факты боюнча териштирүү башталды.   

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: