Menu

Мээрбек Мискенбаев коомдо кландык башкарууну жүргүзүп, өз билгенин жасап келгенби?

Бөлүшүү:

Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат деген чын окшобойбу. “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Мээрбек Мискенбаевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. Мискенбаев болсо сүттөн ак экенин айтып, актанып, карганганын токтотпой келет.

Аталган коомдун мүчөсү, Мискенбаевдин үстүнөн 2016-жылы эле укук коргоо органдарына кайрылып, анын ууру экенин айтып келаткан Марийпа Алыкулова өз чындыгын айтууда. Анын айтымында, 2011-жылы коом “Кыргызкөмүр” ишканасы менен келишим түзүп, ага ылайык, ишкана кирешесинин 1%ын кайрымдуулук иретинде коомдун эсебине которуп туруу сүйлөшүлгөн. Ишкана келишимди аткарып, коомго 2,1 млн. сом которуп берген. Бирок Мээрбек Мискенбаев менен Амантур Жамгырчиев коомдун мүчөлөрүнө 1 сом да беришпей, акчаны өздөрү өөнөп алышкан.

Мындан сырткары, Марийпа Алыкулова Мискенбаев менен Жамгырчиев коомдун ичинде кландык башкарууну жүргүзүп келишкенин айтты. “Мискенбаев “Кыргызкөмүр” ишканасына орто звенодогу жетекчи кызматтарга жумушка алууну караган конкурстук комиссиянын мүчөсү болчу. 2015-жылдын 4-ноябрынан бери А.Жамгырчиев да аталган комиссиянын мүчөсү. 2014-жылдын августунда бизге көмүр берген “Транс Азия уголь компани” ЖЧКнын курамынан Дастан Арзыбеков, Анарбек кызы Аида, Калбүбү Калдарбекова жана Бегимай Ыбышева чыгарылып, алардын ордуларына Нурбай Мыктыбеков, Султан Дүйшебаев, Урмат Байсубанов жана Темир Жыргалбеков дегендер киргизилген. Кептин баары ушул жерде жатат. Анарбек кызы Аида Мискенбаевдин жакын досу болсо, Нурбай Мыктыбеков Амантур Жамгырчиевдин бир тууганы”,- дейт М.Алыкулова.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: