28-мартта Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик расмий визитинин алкагында эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун үй-музейин көрүүгө барышкан.
Меймандарды Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов тосуп алып, улуу жазуучунун карындашы Роза Айтматова, жубайы Мариям Урматова, кызы Ширин Айтматова, келини жана неберелери менен тааныштырган. Андан кийин музейдин экспонаттарын көрүп чыккандан соң Чынгыз Айтматовдун үй-бүлөсү КР Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын Президенти Владимир Путин менен эстеликке сүрөткө түшүшкөн.
Ошол учурдагы бир кызыктуу көз ирмемди Россиянын президентинин фотографы Михаил Климентьев кармап калган. Чыңгыз Айтматовдун небереси Сулайманов Айтматов эки президент менен сүрөткө түшүп жатып, бети-башын бузуп, тилин узун чыгарып, бирөөнү келекелегендей түр менен бала кыялын көрсөткөн.
Кыязы, Сулайманга бул эки президент күндө эле музейге келген байкелердин бири катары сезилсе керек.
Булак: KyrgyzToday
Фотолор Михаил Климентьевдики
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ