8-март күнү Бишкекте, аялдардын укугу үчүн башталган феминисттик жүрүш, аягында гейпарадга айланып кетип бүткөндүктөн, коомчулуктун чоң бөлүгү ага катышкан жаш активист Улан Үсөйүндү “гейпарадды колдодуң” деп жектеп келатышкан.
Ал эми айрымдар анын сексуалдык багытынан да шекшип жатышты. Ошондон уламбы же башка себептерденби, айтор активист Улан Үсөйүн бүгүн сүйлөшкөн кызы – Айзаданын сүрөттөрүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жарыялап, элге көрсөттү.
“Мындай Сонун Адам менен, бир өмүр жашасаңда аздык кылат. Баары үчүн рахмат сага Айзада!”, – деп жазды сүрөттөрдү коштоп Улан Үсөйүн.
Сүрөттөр жарыяланары менен Уландын достору жана тааныштары аны куттукташып, үйлөнүү той качан өтөрүн тактап киришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ