Алмазбек Атамбаевдин Москвага болгон иш сапары КСДПнын ичиндеги президенттикке талапкерди чыгарууга болгон интригага чекит койгондой болду көрүнөт.
Өлкө башчысы Кремлде үлкөндөр менен жолугушуу өткөрүп жүргөн учурда КСДПнын саясий кеңеши чукул жыйынга чогулду. Партия төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков ордун Фарид Ниязовго бошотуп берди. Өз кезегинде Фарид мырза КСДПнын курултайы 15-июлда өтөөрүн белгилеп, бирдиктүү талапкер катары өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков чыгаарын жар салып, башка талапкерди тандоо болбой турганын айтып, кескин билдирүү жасады.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ