UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов атаандашы Жастин Гаатчени жеңип, UFCнын чемпиондук курун коргоду.
Спортчулардын беттеши Абу-Дабидеги “Fight Island” аренасында өткөн UFC 254 турнирин негизги мушташы болду. Экинчи раундда Хабиб Нурмагомедов үч бурчтук ыкмасын колдонгон, атаандашынын ээси оогондон кийин калыс тирешүүнү токтотту.
Россиялык бул наамды үчүнчү жолу коргогон. Аралаш мушташ боюнча карьерасында 32 жаштагы Нурмагомедов 29 мушташтын бардыгын жеңип чыккан.
31 жаштагы америкалык Джастин Гаатдже үч жолу утулуп, 22 жеңген.
— UFC (@ufc) October 24, 2020
Хабиб Нурмагомедов мушташтан кийин спорттон кетерин жарыялаган.
«Бул менин акыркы мушташым болду. UFC мушташ тууралуу чалганда, мен апам менен үч күн сүйлөштүм. Ал менин атамсыз мушташканымды каалаган жок, бирок бул менин акыркы мушташым болот деп убада бергем. Мен сөз бергем, ошону аткарышым керек », – деди ал.
«Мен атам менен бирге чемпион болгум келген. Баардыгы минтип менин мойнума түшүп кетет деп ойлогон эмесмин. Ата-энең болсо, алардын жанында бол, ошондо болду. Менин бир ата-энем калды – бул менин апам. Мен ага көбүрөөк убакыт бөлгүм келет », – деп кошумчалады Хабиб Нумагомедов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ