Menu

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары Түрк кеңешинин алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрь күнү Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин (Түрк Кеңеши) мүчө-мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасынын төрагалык кылуу мезгилинде теңдик, ишеним, өз ара түшүнүшүү жана ынак коңшулук принциптерине негизделген Кеңештин мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы ар тараптуу конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө багытталган негизги күч-аракеттерин баса белгиледи.

Бардык делегациялардын башчылары Кыргыз тарабына ыраазычылык билдиришти жана КРнын төрагалыгынын жүрүшүндө болуп өткөн чоң бир катар маанилүү иш-чараларды белгилешти.

Түрк Кеңешинде дал ушу мезгилде эки маанилүү окуя болуп өттү – Өзбекстандын Уюмга толук укуктуу мүчөсү катары расмий кириши, ошондой эле Түрк кеңешинин европа бөлүмү боло турган ТТМККнын Будапешт шаарында Өкүлчүлүгүнүн ачылышы. Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттери Өзбекстан Республикасынын бул жолугушууга толук укуктуу мүчөсү катары катышуусу менен, ошондой эле Венгриянын Түрк кеңешинде байкоочу-мамлекет катары катышуусу менен куттукташты.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары Түрк кеңешинин алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты, түрк тилдүү мамлекеттердин регионалдык маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташуу маселелери, ошондой эле Уюмду жана башка түрк институттарды өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашты.

Эртең, 15-октябрда Баку шаарында “Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү” темасында өтө турган Түрк кеңешинин 7-Саммитин даярдоого жана Күн тартибине өзгөчө көңүл бурулду.

ТИМКнын жыйынынын жыйынтыктары боюнча тышкы саясий ведомстволордун башчылары ТТМККнын Венгрия шаарында жаңы Өкүлчүлүгү, ошондой эле башка түрк уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча Макулдашуулардын пакетине кол коюшту.

Ошондой эле ТИМКнын жыйынына ТүркПА, ТҮРКСОЙ, Түрк Академиясы жана Түрк маданияты жана мурасы фонду сыяктуу түрк уюмдардын башчылары катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: