Menu

Таттуу Орозбаева, «Сентябрь» телеканалынын алпаруучусу: «Мага «оппозициялык телеканалда иштейсиң» деп эч ким деле кысым кылбайт»

Бөлүшүү:

– Кыргыз эли суктанып караган алпаруучу кыздардын бирисиң. Бул кесипке бала кезден кызыктыңбы? Өзүң тууралуу кененирээк тааныштырсаң?

– Өзүм Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токгогул айылынан болом. Бала чагым айылда өткөн. Ата-энем мамлекеттик жумушту аркалаган адамдар. Алпаруучулук кесипке бала кезимен эле кызыгып, мектептеги иш-чараларды дайыма мен алып барчумун. Мектепти бүтүп келип, борбордо жогорку окуу жайда да иш-чараларды алып барууну колго алгам десем болот.

– Ысымың өзүңө жарашат экен. Ысмыңды ким койгон?

– Апам койгон. Документте жазылган атым Таттыгүл. Бул аттын чечмелештин деле кажети жок да, анткени кыргыздын эле жакшы, түшүнүктүү сөздөрүнөн куралган ысым. А бирок бала кезимен эле мени Таттуу деп чакырышып, ушул ат кулагыма көбүрөөк сиңип калыптыр.

– Көз тийбесин, жакшы үй-бүлөң бар экен. Жолдошуң менен кантип таанышып калдың, кантип үй-бүлө куруп калдыңар?

– Ооба, үй-бүлөм бар. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда туптунук кызыбыз бар. Жолдошум менен 2012-жылы жаз айларында таанышкам. Мен ал убакта 5-каналда иштечүмүн. Телевизордон көрүп, жактырып калып, издеп жүрүп телефон номеримди тааптыр. Анан мага чалып, тынчымды алып көпкө жүрдү. «Катардагы эле көп жигиттин бири да» деп көңүл бурбоого аракет кылдым. Бирок сүйлөгөндөрү негедир элден айырмаланып турчу эле. «Кандай жигит болду экен» деп кызыгып, жолугушууга макул болдум. Ошентип жүрүп, бир жылдан ашык сүйлөшкөндөн кийин турмуш куруп кеттик.

– Кайсы жактын келинисиң? Кесибиңе кайын журтуң кандай карайт. Узун-кыска кийинүүңө жолдошуңдун көз карашы кандай?

– Кайын журтум Алайкуунун Күйөө-Таш айылынан. Алайкуулуктар баардыгы бир үй-бүлө сыяктуу. Баардыгы бири-бирин таанышат жана ынтымактуу, жадагалса баардыгы бирдей ойлонушат. Кайын журтум кесибиме туура карашат, колдошот, оңой эмес экенин билишет жана көрүүчү катары кеп-кеңештерин айтып турушат. Узун-кыска кийинүү боюнча да жолдошумдун өзүнүн чеги бар, ошол чектен ашпаганга аракет кылам. Ошондуктан болсо керек, аша чаап, кирише бербейт.

– «Сентябрь» опозициялык телеканал, кандайдыр бир кысымдар болбойбу? Кесиптештер менен күндөр кызыктуу өтсө керек…

– «Оппозициялык каналда иштейсиң» деп жеке мага эч ким деле кысым көрсөтпөйт. Мен алып барган берүү саясатка тиешеси жок да. Эгер менин берүүмө байланыштуу бирөө кысым көрсөтсө, анда ал адамдын өзүнүн аң-сезими төмөн. Кесиптештерим жөнүндө айтсам, алар сонун адамдар. Алар менен күндөр бири бирине окшобойт. Ар күнү жагымдуу атмосфера, ар түрдүү кызыктуу окуяларга туш болосуң. Каналдын жетекчилиги да жакшы создорго, алкоолорго таты-ктуу адамдар. Сырттагы адамдарга билинбеши мүмкүн, бирок алардын айланасындагы адамдар менин сөзүмү ырасташат деп ойлойм. Анткени адамдык, инсандык сапат да бааланууга тийиш.

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: