Кыргызстандын мусулмандар муфтийи Максатбек Токтомушев жана анын орун басары Жоробай Шергазыев Каирде (Египет) өткөн эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу кечээ, 16-октябрда Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Эл аралык конференция Египет тараптан уюштурулду. Ага 73 өлкөнүн муфтийлери катышып, бүткүл дүйнөдөгү салттуу исламдагы фатванын орду, фикхага (мусулмандардын жүрүм-турум доктринасы) байланыштуу талаштарды жөнгө салуу боюнча докладдар окулду. Ошондой эле дүйнөдө исламдан коркуу бар экенин, мындай көрүнүш менен кандай күрөшүү керек экендиги талкууланды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ