Кочкор районунда Германиядан келген туристтерди машине сүзүп, кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы бир турист аял ошол жерден жан берген. Маалым болгондой, окуя 25-июнь күнү 12:30 чамасында болгон. Кыргызстанды кыдырып саякаттаган Германиялык 3 турист Кочкор шаарчасына барышкан. Аларды шаарчадагы мейманкана тарапка бара жаткан жолдон жергиликтүү тургундун башкаруусундагы “Ауди” машинесинин айдоочусу сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден туристтердин бири 1984-жылы туулган аял ооруканага жетпей көз жумган. Ал эми аман калган эки туристтин абалы деле оор. Бири Кочкор районундагы аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатса, экинчиси хирургия бөлүмүндө жатат. Азырынча туристтерди башка ооруканага которуу маселеси карала электигин аймактык ооруканадан кабарлашты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ